Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 27-декабры №890

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

          «Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн

     мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууга карата иш-аракеттердин

        планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

            чаралар комплексин жана Кыргыз Республикасында

            2006-2007-жылдарда кылмыштуулукка каршы күрөшүү

            боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө»

             Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын

             28-февралындагы № 132 токтомуна өзгөртүүлөрдү

                           киргизүү тууралуу

  

   Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларындагы бирин-бири

кайталоочу   жоболорду  болтурбоо  максатында  Кыргыз  Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

  

   «Кыргыз  Республикасында  коррупцияга  каршы  күрөштүн  мамлекеттик

стратегиясын  ишке  ашырууга  карата  иш-аракеттердин  планын  аткаруу

боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чаралар комплексин жана Кыргыз

Республикасында 2006-2007-жылдарда кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча

мамлекеттик   программаны  бекитүү  жөнүндө»  Кыргыз   Республикасынын

Өкмөтүнүн  2006-жылдын  28-февралындагы  №  132  токтомуна  төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

  

   жогоруда  аталган  токтом менен бекитилген  Кыргыз  Республикасында

коррупцияга  каршы  күрөштүн  мамлекеттик стратегиясын  ишке  ашырууга

карата  иш-аракеттердин  планын аткаруу боюнча Кыргыз  Республикасынын

Өкмөтүнүн чаралар комплексинде:

   - 4-пункттун "Аткаруучулар" графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

   "Коррупциянын  алдын  алуу  боюнча  улуттук  агенттик   (макулдашуу

боюнча), Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), ИИМ, ФПК, Адилетмин";

   -  20-пункттун  "Аткаруу  мөөнөтү"  жана  "Аткаруучулар"  графалары

тиешелүү түрдө төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

   "2007-жылдын  3-кварталы" жана "Мамлекеттик  кызмат  иштери  боюнча

агенттик   (макулдашуу  боюнча),  министрликтер,  мамкомитеттер   жана

администрациялык      ведомстволор,      жергиликтүү       мамлекеттик

администрациялар";

   -11,14 жана 25-пункттар күчүн жоготуу деп табылсын;

   жогоруда  аталган  токтом менен бекитилген  Кыргыз  Республикасында

2006-2007-жылдарда  кылмыштуулукка каршы  күрөшүү  боюнча  Мамлекеттик

программадагы «Уюштуруу иш-чаралары» деген 1-бөлүмүнүн 3-пункту  күчүн

жоготту деп табылсын.

  

   Премьер-министрдин

   милдетин аткаруучу                                 Ф.Кулов