Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 14-майы № 174

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

                "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине

                   толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз

                        Республикасынын Мыйзам

                           долбоору тууралуу

 

     Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык  Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү  туу-

ралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

     2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кењеши-

нин кароосуна киргизилсин.

     3. Кыргыз Республикасынын финансы министри  бул  мыйзам  долбоорун

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

     Премьер-министр                                    А.Атамбаев

 

 

                                                                Долбоор

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

                Кыргыз Республикасынын Салык кодексине

                       толуктоо киргизүү жөнүндө

 

     1-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., № 7, 92-ст.) төмөнкүдөй толуктоо

киргизилсин:

     121-статья төмөнкүдөй  мазмундагы  сегизинчи бөлүк менен толуктал-

сын:

     "8. Айыл  чарба продукцияларын кайра иштетүүчү салык төлөөчү субъ-

ект  бюджетке  КНС  төлөгөн  учурда  товарлардын,  жумуштардын,  кызмат

көрсөтүүлөрдүн  экспортун  кошпогондо,  ушул  Кодекстин 139-статьясынын

3-бөлүгүнө ылайык берилүүчү жана жеткирүү максаты үчүн өндүрүштө пайда-

ланылуучу  сатып  алынган  материалдык  ресурстардын наркынан 3 процент

өлчөмүндө белгиленген чегерүүгө укугу бар.".

 

     2-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

     3-статья.

 

     Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти