Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 24-майы № 189

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

             "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз

      Республикасынын кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу"

            Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. "Администрациялык  жоопкерчилик  жөнүндө Кыргыз Республикасынын

кодексине өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-

зам долбооруна макулдук берилсин.

     2. Аталган  мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна киргизилсин.

     3. Кыргыз  Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

      Премьер-министр                                 А.Атамбаев

 

 

                                                                Долбоор

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

             Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз

           Республикасынын кодексине толуктоолорду киргизүү

                               тууралуу

 

     1-статья.

 

     Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз  Республикасынын  ко-

дексине   (Кыргыз   Республикасынын   Жогорку  Кењешинин  ведомосттору,

1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

     1. "Башкаруу  тартибине шек келтирген администрациялык укук бузуу-

лар" деген  29-глава  төмөндөгүдөй мазмундагы 409-1-статья менен толук-

талсын:

     "409-1-статья. Маалыматтарды берүү боюнча милдеттерди бузуу

 

     Жооптуу адамдардын Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз ал-

дынча башкаруу  органдарынын  карамагындагы  маалыматтарды калкка берүү

боюнча милдеттерди бузушу, -

     эсептик көрсөткүчтөрдүн  бештен онго чейинки өлчөмүндө администра-

циялык айып салууга алып келет.".

     2. 508-статья  "404-406"  деген  сандардан кийин "409-1" деген сан

менен толукталсын.

 

     2-статья.

 

     Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти