Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 26-майы №192

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

        "2007-жылга Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке

       жактар тарабынан алынып келинген жана өндүрүлгөн акциздик

        товарларга акциз салыгынын базалык ставкалары жөнүндө"

           жана "Жер салыгынын 2007-жылга базалык ставкалары

                жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам

                       долбоорлорун кайра сурап

                             алуу тууралуу

 

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Кыргыз  Республикасынын  Конституциясынын  64-статьясына ылайык

Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам долбоорлору Кыргыз  Республикасы-

нын Жогорку Кењешинен кайра сурап алынсын:

     - "2007-жылга Кыргыз Республикасында юридикалык жана  жеке  жактар

тарабынан алынып келинген жана өндүрүлгөн акциздик товарларга акциз са-

лыгынын базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам  дол-

боору  тууралуу"  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-октяб-

рындагы № 714 токтомунун негизинде "2007-жылга  Кыргыз  Республикасында

юридикалык  жана  жеке жактар тарабынан алынып келинген жана өндүрүлгөн

акциздик товарларга акциз салыгынын базалык ставкалары жөнүндө";

     - "Жер  салыгынын  2007-жылга  базалык  ставкалары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын  Мыйзам  долбоору  тууралуу"   Кыргыз   Республикасынын

Өкмөтүнүн  2006-жылдын  23-октябрындагы № 743 токтомунун негизинде "Жер

салыгынын 2007-жылга базалык ставкалары жөнүндө".

     2. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору күчүн жо-

готту деп табылсын:

     - "2007-жылга  Кыргыз  Республикасында юридикалык жана жеке жактар

тарабынан алынып келинген жана өндүрүлгөн акциздик товарларга акциз са-

лыгынын  базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам дол-

боору тууралуу" 2006-жылдын 3-октябрындагы № 714 токтому;

     - "Жер  салыгынын  2007-жылга  базалык  ставкалары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" 2006-жылдын 23-октябрындагы №

743 токтому.

     3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

 

      Премьер-министри           А.Атамбаев