Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2007-жылдын 30-июлу № 298

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалалабат чегара отрядынын "Шамалдысай"  чегара заставасына капитан Жаныбеков Курманбек Шактыбековичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2013-жылдын 30-майындагы № 306  токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Жаш муундарды аскердик-патриоттук тарбиялоо, капитан Жаныбеков Курманбек Шактыбековичтин ысмын түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалалабат чегара отрядынын "Шамалдысай" чегара заставасына капитан Жаныбеков Курманбек Шактыбековичтин ысмы ыйгарылсын жана ал мындан ары "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын 2027-аскердик бөлүгүнүн капитан Жаныбеков Курманбек Шактыбекович атындагы "Шамалдысай" чегара заставасы" деп аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнө тапшырылсын.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев