Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2007-жылдын 9-ноябры № 543
Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, Психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-сентябрындагы № 558, 2014-жылдын 30-сентябры № 555, 2015-жылдын 4-декабрындагы № 831 , 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 535, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 633 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 96-беренесин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- заттарды баңги каражаттарына, психотроптук заттарга же прекурсорлорго таандык кылуу критерийлери (№ 1 тиркеме);
- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлордун, ошондой эле өстүрүүгө тыюу салынган, курамында баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор бар баңги заттарды камтыган өсүмдүктөрдүн тизмеги (2-тиркеме);
- прекурсорлордун таблицасына киргизилбеген, бирок чектелген контролдонууга тийиш болгон заттардын тизмеги (3-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлордун, ошондой эле өстүрүүгө тыюу салынган, курамында баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор бар баңги заттарды камтыган өсүмдүктөрдүн өлчөмдөрү (4-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын аймагында ээсиз калган, ташталган, жоголгон (табылган) же мыйзамсыз жүгүртүүдөн тартып алынган баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду колдонуу тартиби жөнүндө жобо (N 5 тиркеме);
- мыйзамсыз жүгүртүү администрациялык же жазыктык жоопкерчиликке дуушарлантуучу баңги каражаттардын, психотроптук заттардын, прекурсорлордун жана баңги заттуу өсүмдүктөрдүн өлчөмдөрүн аныктоонун критерийлери (N 6 тиркеме);
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 633 токтомуна ылайык күчүн жоготту)