Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                               КР Өкмөтүнүн

              2012-жылдын 20-февралындагы №132 токтомуна ылайык

                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 24-майы № 239

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

             Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук

              органынын Тартиптик уставын бекитүү жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2005-жылдын 11-январындагы №

6 "Кыргыз Республикасынын  баңгизатка  контролдук  агенттигинде  кызмат

өтөө  тартиби  жана  шарттары  жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз

Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигинде кызмат өтөө  жөнүндө

жобонун  33-статьясына  ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-

лат:

     1. Кыргыз  Республикасынын баңгизатка контролдук органынын тиркел-

ген Тартиптик уставы бекитилсин.

     2. Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттиги түзүмдүк

бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук

органынын  Тартиптик  уставынын  талаптарын  кынтыксыз аткарышын камсыз

кылсын.

     3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

     - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-июлундагы №  539

"Кыргыз  Республикасынын  Баңгизатка  контролдук агенттигинин Тартиптик

уставын бекитүү жөнүндө" токтому;

     - Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-октябрындагы №

731 "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин  маселе-

лери   боюнча   Кыргыз   Республикасынын  Өкмөтүнүн  айрым  чечимдерине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту.

 

     Премьер-министри                                     И.Чудинов