Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 27-ноябры № 651 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногунда интервенцияларды колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө", "
Мамле-кеттик материалдык резерв жөнүндө" жана "
Мамлекеттик сатып алуулар жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ички азык-түлүк рыно-гунда кризистүү жагдайлар пайда болгондо Кыргыз Республикасыныназык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба продукциясына, сырьегожана азык-түлүккө бааларды турукташтыруу боюнча иш-чараларды уюштуруумаксатында мамлекеттик жана башка керектөөлөр үчүн продукция сатып алуужана сатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын башка нормативдикукуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногун-да интервенцияларды колдонуу тартиби жөнүндө тиркелген
жобо бекитилсин. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Кыргыз Республикасынын жер-гиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдары жогоруда аталган Жобону жетекчиликке жана кынтыксыз ат-карууга алышсын. 3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жана экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөл-сүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов