Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 651
токтому менен бекитилген Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногунда интервенцияларды колдонуу тартиби жөнүндө ЖОБО 1. Бул Жобо "
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүн-дө", "
Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" жана "
Мамлекеттик сатыпалуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мамлекеттикжана башка керектөөлөр үчүн продукцияларды сатып алуу жана сатуу масе-лелери боюнча Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларынаылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин,мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, аткаруубийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияла-рынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл чарба про-дукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногун турукташтыруу үчүнмамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жана мамлекеттик товардык ин-тервенцияларды ишке ашыруу боюнча өз ара иштешүүлөрүн жөнгө салат. 2. Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногун-да интервенция жүргүзүүнүн негизги милдети болуп азык-түлүктүн ички жа-на дүйнөлүк рынокторундагы жагдайды изилдөө жана талдоону эсепке алып,аларды рынокко өз убагында чыгаруу жана бааларды турукташтыруу үчүн ич-ки рыноктон алып салуу менен айыл чарба продукциясынын, сырьенун жанаазык-түлүктүн керектүү резервин түзүү аркылуу тамак-аш азыктарына кара-та баалардын чукул кымбатташы пайда болгон жагдайларды өз учурунда жөн-гө салуу эсептелет. 3. Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногунтурукташтыруу боюнча чаралар төмөнкүлөрдү уюштуруу аркылуу жүргүзүлөт: - мамлекеттик товардык интервенция, ал айыл чарба продукциясынын,сырьёнун жана азык-түлүктүн рыногунда алардын тиешелүү түрлөрүнүн тар-тыштыгы, ошондой эле айыл чарба продукциясына, сырьего жана азык-түлүк-кө баалар кризистик кымбаттаган учурларда аларды мамлекеттик азык-түзүкрезервинен арзандатып сатуу жолу менен колдонулат; - мамлекеттик сатып алуу интервенциялары, ал айылдык товар өндү-рүүчүлөр өндүргөн айыл чарба продукциясын, сырьену жана азык-түлүктүаларга суроо-талаптын төмөн болгондуктан же ушул айыл чарба продукция-сына, сырьего жана азык-түлүккө рыноктук баа өздүк наркынан төмөн бол-гондуктан өздөрү сата алышпаган учурларда колдонулат. Мамлекеттик сатып алуу интервенциясы ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн айыл чарба продукцияла-рын, сырьену жана азык-түлүктү тиешелүү сатып алуу жолу менен жүргүзү-лөт. 4. Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногунтурукташтыруу үчүн мамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жана мамле-кеттик товардык интервенцияларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-туу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамле-кеттик агенттик эсептелет (мындан ары - Матрезерв агенттиги). 5. Матрезерв агенттиги Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуз-дугу боюнча кењешинин секретариатына айыл чарба продукциясына, сырьегожана азык-түлүккө мамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жана мамле-кеттик товардык интервенцияларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жүргүзүл-гөн иштер тууралуу керектүү маалыматтарды белгиленген тартипте берет. 6. Мамлекеттик сатып алуу интервенциялары жана мамлекеттик товар-дык интервенциялар төмөнкүдөй эсептерден каржыланат: а) Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга карата республикалык бюд-жетинде каралган каражаттардын чектеринде Матрезерв агенттигинин кара-жаттарынан; б) мамлекеттик резервге сактоого коюлуучу жана сатылуучу материал-дык баалуулуктардын наркынын айырмасынан, бааны көтөрүүдөн жана интер-венциялык операцияларды өткөрүүдөн түшкөн кирешелерден; в) тартылган карыз финансылык каражаттардан, коммерциялык уюмдар-дын каражаттарынан жана донор уюмдардын гуманитардык жардамынан; г) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу башка булактардан. 7. Матрезерв агенттигинин директору мамлекеттик сатып алуу интер-венцияларын жана мамлекеттик товардык интервенцияларды жүргүзүү үчүнреспубликалык бюджеттен бөлүнчү акча каражаттар натыйжалуу пайдаланылы-шын камсыз кылат, алардын максатка ылайыктуу пайдаланылышы, ошондой элемамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жүргүзүүнүн натыйжасында сатыпалынган айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык сактоочу жерлерде сакталышы үчүнжоопкерчиликте болот. 8. Мамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жана мамлекеттик товар-дык интервенцияларды өткөрүү үчүн айыл чарба продукциясынын, сырьенунжана азык-түлүктүн тизмесин жана көлөмдөрүн Кыргыз РеспубликасынынАйыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Кыргыз Респуб-ликасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги менен биргеликтежыл сайын аныктайт, аны Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугубоюнча кењеши карайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. 9. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги: - айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн ички жанадүйнөлүк рыногунун конъюнктурасына мониторинг жүргүзөт; - сертификацияланган маалымат даярдайт; - айыл чарба продукциясын, сырьену жана азык-түлүктү божомолдонгонөндүрүү жана колдонуу баланстарынын негизинде региондор жана бүтүндөйреспублика боюнча азык-түлүк рынокторунда ушул продукциянын ашыктыгынынжана тартыштыгынын мүмкүн болуучу көлөмдөрүн аныктайт; - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрли-ги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү номенклату-ра боюнча мамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жана мамлекеттик то-вардык интервенцияларды жүргүзүүгө айыл чарба продукциясынын, сырьенунжана азык-түлүктүн көлөмдөрүнүн саны боюнча сунуштарды иштеп чыгат. 10. Мамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жана мамлекеттик то-вардык интервенцияларды жүргүзүүгө бааларды эсептөөдө республиканын ре-гиондору боюнча айыл чарба продукциясын, сырьену жана азык-түлүктү са-тууга рыноктук баалардын жана импорттоолуучу продукциянын баасынын тү-зүлгөн дењгээли эсепке алынат. 11. Рынокто интервенцияны уюштуруу үчүн айыл чарба продукциясын,сырьёну жана азык-түлүктү сатып алуу жана сатуу баалары монополиягакаршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашы-шат. 12. Мамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жүргүзүүдө рыноктукбаалардын олку-солкулугунун эсептик төмөнкү чеги болгон баалар колдону-лат, ал эми мамлекеттик товардык интервенцияларды жүргүзүүдө рыноктутурукташтырууга мүмкүндүк берчү баалар колдонулат. 13. Номенклатура боюнча товардык интервенцияны жүргүзүү үчүн сак-тоого коюлган, сактоо мөөнөтү бир жылдан аз болгон айыл чарба продукци-ясын, сырьену жана азык-түлүктү жањылоо Матрезерв агенттиги тарабынанөз алдынча ишке ашырылат жана ошол эле учурда Кыргыз РеспубликасынынАзык-түлүк коопсуздугу боюнча кењешине жана Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнө маалымдалат. 14. Азык-түлүк рыногунда товардык интервенция жүргүзүүнүн индика-тору болуп кандайдыр бир убакыт ичинде ички рыноктогу баалардын өсүшү-нүн көрсөткүчү, ошондой эле тийиштүү мезгилде дүйнөлүк азык-түлүк ры-нокторунда ушул азыктарга баалардын өсүү көрсөткүчү эсептелет. 15. Сатып алуу интервенциясын өткөрүүнүн индикатору болуп айылчарба продукциясына, сырьего жана азык-түлүккө рыноктук баалардын айыл-дык товар өндүрүүчүлөрдүн аларды өндүрүүгө кеткен чыгымдарын актабаганминимум дењгээлге чейин төмөндөшүнүн тиешелүү көрсөткүчү эсептелет. 16. Ушул Жобонун 15 жана 16-пункттарында көрсөтүлгөн индикаторлорКыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кењеши тарабынананыкталат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 17. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода минист-рлиги республиканын азык-түлүк рынокторундагы жана дүйнөлүк рыноктордо-гу жагдайды контролдойт, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсү-нүн максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүүгө опурталдарды жаратуучу жанакоркунучту пайда кылуучу факторлорду аныктайт, азык-түлүк рыногундакризистүү жагдай пайда болгондо Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк кооп-суздугу боюнча кењешине азык-түлүк рынокторунда товардык жана сатыпалуу интервенцияларын жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизет. 18. Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кењешиазык-түлүк рыногунда товардык жана сатып алуу интервенциясын жүргүзүүмөөнөттөрүн жана көлөмдөрүн аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмө-түнүн кароосуна жиберет. 19. Матрезерв агенттиги ушул продукцияны ички рынокто сатуу мүм-күндүгү жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугубоюнча кењеши менен макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнбуйругу боюнча интервенциялык азык-түлүк фондунун номенклатурасынанайыл чарба продукциясын, сырьену жана азык-түлүктү экспортко чыгаруубоюнча операцияларды жүргүзөт. 20. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекитилген респуб-ликалык бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу бо-юнча кењешинин рекомендацияларына ылайык белгиленген тартипте мамлекет-тик сатып алуу интервенцияларын жана мамлекеттик товардык интервенция-ларды өз убагында каржылоону камсыз кылат. 21. Сатып алуу жана товардык интервенцияларды ишке ашырууга тар-тылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетте-ринин жана администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигининбашка органдарынын жетекчилери берилген маалыматтын тууралыгы, өз уба-гында аракет кылбагандыгы же аракетсиздиги үчүн Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат. 22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча интервенциялыказык-түлүк фондунун ресурстары биринчи кезектеги тартипте калктын соци-алдык аялуу катмарын айыл чарба продукциясы, сырье жана азык-түлүк ме-нен камсыз кылуу үчүн багытталышы мүмкүн. Мындай учурларда калктын со-циалдык аялуу катмарын даректик колдоо максатында Матрезерв агенттигикөрсөтүлгөн азык-түлүктү Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугубоюнча кењешинин чечими менен, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана соци-алдык өнүгүү министрлигинин жергиликтүү мамлекеттик администрацияларжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган тиз-меси боюнча бөлүштүрөт. 23. Ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн азык-түлүктөрдү калктынсоциалдык аялуу катмарына бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бе-киткен баалар боюнча ишке ашырылат жана Матрезерв агенттигинин аймактыксактоо пункттары аркылуу жүргүзүлөт. 24. Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн ичкирыногун турукташтыруу үчүн айыл чарба продукциясын жана азык-түлүктүкалктын социалдык аялуудан башка катмарларына сатуу Матрезерв агентти-гинин соода пункттары жана аймактык сактоо пункттары аркылуу, ушул Жо-бонун 11 жана 13-пункттарына ылайык белгиленген баалар боюнча жүргүзү-лөт. 25. Мамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жана мамлекеттик то-вардык интервенцияларды ишке ашырууда колдонулуучу айыл чарба продукци-ясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн сапаты жана коопсуздугу аларга тие-шелүү техникалык регламенттер, санитардык, ветеринардык, фитосанитардыкченемдер жана эрежелер, ошондой эле Кыргыз Республикасында колдонулганбашка ченемдик укуктук актылар менен коюлуучу талаптарга ылайык келишикерек.