Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 30-декабры № 735
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 140, 2009-жылдын 2-апрелиндеги № 211, 2011-жылдын 15-июлундагы № 392, 2011-жылдын 9-ноябрындагы № 706, 2012-жылдын 6-августундагы № 547,2012-жылдын 26-ноябрындагы № 798, 2013-жылдын 22-февралындагы № 90, 2013-жылдын 18-мартындагы № 139, 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 221, 2013-жылдын 12-июнундагы № 345, 2013-жылдын 1-августундагы № 441,2014-жылдын 23-январы № 49 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 203, 2014-жылдын 13-майындагы № 255 2014-жылдын 3-июлундагы № 367, 2014-жылдын 31-июлундагы № 426, 2015-жылдын 6-мартындагы № 101, 2015-жылдын 18-майындагы № 300, 2015-жылдын 20-майындагы № 308, 2015-жылдын 20-майындагы № 309, 2017-жылдын 17-февралындагы № 109, 2017-жылдын 13-мартындагы № 145, 2017-жылдын 15-мартындагы № 154, 2017-жылдын 4-июлундагы № 416, 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 749, 2019-жылдын 19-мартындагы № 133, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 178 , 2019-жылдын 18-июлундагы № 355 , 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 482, 2019-жылдын 17-декабрындагы № 684, 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711, 2021-жылдын 21-апрели № 160, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 01-ноябрындагы №234, 2021-жылдын 20-декабрындагы № 321, 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелерине жана 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо алардын кызматкерлерине кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жөнүндө жобо;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-ноябрындагы № 706 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Балдардын тамак-аш продуктуларынын тизмеси;
- Окуу куралдарынын, мектепке таандык буюмдардын жана илимий басылмалардын тизмеси;
- Майыптар үчүн адистештирилген товарлардын тизмеси;
- Жаныбарлар үчүн вакциналардын жана дары каражаттардын тизмеси;
- Минералдык жер семирткичтердин тизмеси;
- Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын тизмеси;
- Асыл-тукум айыл чарба жаныбарларынын тизмеси;
- Үрөн материалдардын тизмеси.
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-ноябрындагы № 706, 2017-жылдын 17-февралындагы № 109 2021-жылдын 21-апрели № 160, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-ноябрындагы № 706, токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3-1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
32. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-ноябрындагы № 706 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 482 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 482 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети нефть продуктуларына коштоочу накладнойдун формасын иштеп чыксын жана бекитсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери № 3 тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп эсептелсин.
9. Бул токтом 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген |
Балдардын тамак-аш продуктуларынын ТИЗМЕСИ (*)
ТЭИ ТН коду | Позициянын аталышы | Кошумча өлчөө бирдиги |
0402
0402 29
0402 29 110 0
0402 29 150 0
0402 29 190 0 | Сүт жана кам каймак, коюлтулган же кант кошулган, башка таттуу кылуучу заттары менен: - майдын камтылышы 1,5% сал. ашпаган порошок, гранул жана башка катуу түрүндө: -- башкалар: ---- майдын камтылышы 27% сал. ашпаган: ----- накта салмагы 500 г, майдын камтылышы 10% сал. герметикалык таңгактагы эмчектеги балдар үчүн атайын багыттагы сүттөр ----- башкалар: ------- баштапкы таңгакта накта салмагы 2,5 кг дан ашпаган ------- башкалар |
-
-
- |
1602
1602 10 00 1602 10 001 0 | Эт, эт сорпо азыктары же кандан даярдалган даяр же консерваланган кээ бир азыктар: - гомогендик даяр азыктар: -- балдардын тамак-ашы үчүн |
- |
1901
1901 10 000 0 | Угут экстракты; башка жерде аталбаган же киргизилбеген бардыгы майсыздандырылган негизге өтүүдө кайра эсептөөдө какаосуз же 40% сал. какао камтыган майда же одуракай салдырылган ун, акшак, крахмал же угут экстрактынан даярдалган даяр тамак азыктары; башка жерде аталбаган же киргизилбеген бардыгы майсыздандырылган негизге өтүүдө кайра эсептөөдө какаосуз же 5% сал. азыраак какао камтылган 0401 - 0404 товардык позициянын сырьесунан даярдалган даяр тамак азыктары: - чекене сатуу үчүн өлчөлүп оролгон балдардын тамак-ашы |
- |
2005
2005 10 00 2005 10 001 0 | Уксус же уксус кислотасы кошулбай даярдалган же консерваланган башка жашылчалар, тоңдурулган, 2006 товардык позициядагы азыктардан сырткары: - гомогендик жашылчалар: -- балдардын тамак-ашы үчүн |
- |
2007
2007 10 2007 10 10 2007 10 101 0 2007 10 91
2007 10 911 0 | Жылуулук иштетүүсү менен даярдалган джем, жемиш желеси, мармелад, жемиш же жаңгак пюреси, жемиш же жаңгак пастасы, анын ичинде кант же башка таттуу кылуучу заттарды кошуу менен даярдалган: - гомогендик даяр тамак азыктары: -- 13% сал. ашкан канттын болушу: --- балдардын тамак-ашы үчүн - башкалар: --- тропиктик мөмөлөрдөн: ----- балдардын тамак-ашы үчүн |
-
- |
2007 10 99 | --- башкалар: |
|
2007 10 991 0 | ---- балдардын тамак-ашы үчүн | - |
2104 | Даяр сорпо жана ынак сорпо жана аларды даярдоо үчүн беренделгендер; гомогендик курамдык даяр тамак-аш азыктары: |
|
2104 20 00 | - гомогендик курамдык даяр тамак-аш азыктары: |
|
2104 20 001 0 | -- балдардын тамак-ашы үчүн | - |