Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 618
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана тындыруунун тартиби жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жобо 1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башка-руу органдарынын баалуу кагаздарын (мындан ары - муниципалдык баалуукагаздар) чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана тындыруунун тар-тибин жөнгө салат. 2. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-ры чыгарган баалуу кагаздар муниципалдык баалуу кагаздар болуп эсепте-лет. 3. Муниципалдык баалуу кагаздар жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын мөөнөттүү карыздык милдеттенмелери болуп саналат жана жер-гиликтүү жамааттардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө багытталганиш-чараларды каржылоо үчүн юридикалык жана жеке жактардын акча каража-тын тартуу максатында чыгарылат. Чыгарылган муниципалдык баалуу кагаз-дардын айкын түрү менен көлөмү жергиликтүү кењеш тарабынан аныкталат.Муниципалдык баалуу кагаздардын ар бир чыгарылышы боюнча жергиликтүүкењеш өзүнчө бөлөк чечим кабыл алат. 4. Муниципалдык баалуу кагаздар алардын ээлерине жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан баалуу кагаздарда көрсөтүлгөн акча кара-жатын же, ушул баалуу кагаздардын эмиссиянын шартына жараша башка мүлк-тү эмиссия шартында каралган мөөнөттө мүлк укугун жана/же белгиленгенпайыздарды алууга укугун күбөлөндүрүүгө тийиш. 5. Муниципалдык баалуу кагаздын ээлери Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык ушул кагаз менен жарандык-укуктук бүтүм түзө алат. 6. Баалуу кагаздарды чыгаруунун натыйжасында тартылган акча кара-жаттарынын кайтарылбай калышынын коркунучун төмөндөтүү максатында Кыр-гыз Республикасынын Финансы министрлиги өзүнүн ченемдик-укуктук актыла-рына ылайык муниципалдык зайымдарды камсыздандыруу эсеп-чотун ачат жанатескейт. 7. Муниципалдык баалуу кагаздар менен салык салуунун аткарымдыктартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аныкталат. 8. Экинчи базарда муниципалдык баалуу кагаздар менен жаран-дык-укуктук бүтүм жасоого жумушчу күндөрүндө аларды жүгүртүү маалындагана уруксат берилет. II. Муниципалдык баалуу кагаздардын эмиссиясы тууралуу чечим кабыл алуу 9. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим жана баа-луу кагаздар эмиссиясынын шартын бекитүү жергиликтүү өз алдынча башка-руунун аткаруучу-тескөөчү органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасы-нын Финансы министрлигинин макулдугу менен жергиликтүү кењештин чечимибоюнча кабыл алынат. 10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органыжергиликтүү кењештин кароосуна коюунун алдында муниципалдык баалуу ка-газдар эмиссиясынын көрсөткүчтөрүн Кыргыз Республикасынын Финансы ми-нистрлиги менен макулдашат. III. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун тартиби 11. Муниципалдык баалуу кагаздар мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жанаакы төлөнүүчүлүк шарттарында чыгарылат. 12. Муниципалдык баалуу кагаздар документардык эмес түрүндө чыга-рылат. Баалуу кагаздардын документардык эмес түрү - баалуу кагаздар тү-рү, мында ээси баалуу кагаздар ээлеринин тизмесиндеги жазуунун негизин-де белгиленет, ал эми депонирленген учурда - депо эсеп-чоту боюнча жа-зуунун негизинде белгиленет. 13. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жайгаштыруунунжыйынтыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кору-тундусу чыкканга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына баа-луу кагаздардын кийинки чыгарылышын ишке ашырууга тыюу салынат. 14. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баалуу кагаздардыКыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана чыгара алат. 15. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бир жылдан кем жү-гүртүү мөөнөтүндө баалуу кагаздарды төмөнкүдөй шарттар сакталганда чы-гарууга укуктуу: - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарткан каражаттарсуммасы чыгарылыш ишке ашырылган жылда жергиликтүү өз алдынча башкарууорганы тындырууга жарамдуу болгон суммадан ашык болбоого тийиш; - баалуу кагаздарды жайгаштыруудан алынган каражат башка баалуукагаздарга салынууга мүмкүн эмес. 16. Баалуу кагаздар эмиссиясынын көрсөткүчтөрү төмөнкү маалымат-тарды камтыйт: - эмиссиянын номери; - эмиссиянын көлөмү; - эмиссиянын күнү; - тындыруу күнү; - бир баалуу кагаздын номиналдык наркы; - баалуу кагаздардын ээлеринин укугу жана баалуу кагаздар мененкүбөлөндүрүлгөн укуктарын ишке ашыруунун тартиби; - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбе-ген муниципалдык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин келип чыгышы,аткарылышы же токтотулушу үчүн мааниге ээ болгон эмиссиянын дагы башкаолуттуу шарттары. 17. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун тартиби өзүнө төмөн-күлөрдү камтыйт: - муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;Чыгаруу жана тындыруу көрсөткүчтөрүн жергиликтүү кењеш бекитет; - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине муниципалдык баалуукагаздардын эмиссиясын каттоо; - баалуу кагаздарды жайгаштыруу; - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде баалуу кагаздардычыгаруунун жыйынтыгы тууралуу отчет берүү; 18. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө маалымат жалпы-га маалымдоо каражаттарында жайгаштырылат. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө жарыяланган маалы-мат төмөнкүдөй маалыматты камтууга тийиш: - баалуу кагаздарды чыгаруунун максаты; - муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жылына баалуу кагаздардычыгаруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджети; - баалуу кагаздарды чыгаруу учурунда карыздын суммардык чоњдугу; - кийинки үч аякталган финансылык жыл ичинде бюджеттин аткарылышы; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тууралуу; - ачык сатууга сунушталган муниципалдык баалуу кагаздардын эмиссиякөлөмү, саны жана түрү, номиналдык наркы; - муниципалдык баалуу кагаздар боюнча кирешелүүлүк (пайыз, дис-конт); - муниципалдык баалуу кагаздарды сатуунун жана сатууну аяктоонункүнү, аларды жүгүртүүнүн мөөнөтү, муниципалдык баалуу кагаздарды тынды-руунун тартиби жана күнү; - муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун орду жана убактысы; - муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун шарттары менен кайсылжерде таанышуунун орду жана эмиссиянын проспекти; - муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштырууга катышкан баалуу ка-газдар базарынын кесипкөй катышуучулары жөнүндө маалымат. IV. Муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштыруунун жана жүгүртүүнүн тартиби 19. Муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу лицензияланган соо-да аянтчасында жайгаштыруу боюнча агент аркылуу жүргүзүлөт. Аукцион өт-көрүү жолу аркылуу баалуу кагаздар боюнча кесипкөйлүк ишти жүргүзүүукугуна лицензиясы болгон баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучу-ларынын арасында өткөрүлөт. 20. Муниципалдык баалуу кагаздар массалык маалымат каражаттарындабул тууралуу маалымат жарыялоо жолу менен жайгаштырылат. 21. Муниципалдык баалуу кагаздарды жүгүртүү муниципалдык баалуукагаздарды чыгарган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана алардытындыруу күнүнө бир күн калганда токтотулат. Муниципалдык баалуу кагаз-дар эгерде муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун шартында башкачабелгиленбесе, экинчи базарда эркин жүгүртүлүшү мүмкүн. 22. Муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу бүткөндөн кийин 7(жети) күндөн кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органыКыргыз Республикасынын Финансы министрлигине муниципалдык баалуу кагаз-дарды чыгаруунун жана жайгаштыруунун жыйынтыгы тууралуу отчет берүүгөмилдеттүү. 23. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 7 (жети) күндүничинде муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жайгаштыруунунжыйынтыгы тууралуу отчетту карап чыгат жана өз корутундусун чыгарат. 24. Муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу бүткөнгө чейин 3(үч) күн калганда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы муниципалдыкзайымдарды камсыздандыруу эсеп-чотуна жайгаштырылган эмиссия суммасынанноминалдык нарк боюнча 5 пайызды которот. Жайгаштырылган эмиссия толуктындырылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ошолтөгүмдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарат. Муниципалдыкбаалуу кагаздарды камсыздандыруу эсебине жайгаштырылган каражат ушулЖободо каралган максаттан башка жакка колдонулушу мүмкүн эмес. 25. Муниципалдык баалуу кагаздарды ээлөөгө укук баалуу кагаздарээлеринин тизмесинде сатып алуучунун өздүк эсеби боюнча кириштен жазуутүшүрүлгөн учурдан баштап сатып алуучуга өтөт. V. Муниципалдык баалуу кагаздарды тындыруунун тартиби 26. Муниципалдык баалуу кагаздарды тындыруу - бул номиналдык наркыбоюнча мурда чыгарылган муниципалдык баалуу кагаздарды жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан сатып алуу. Муниципалдык баалуу ка-газдарды тындыруу аларды чыгаруу тууралуу чечимге ылайык акчалай түрүн-дө же башка мүлк түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн. 27. Баалуу кагаздарды тындыруу боюнча милдеттенме, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын алдыдагы милдеттенмелерин кошкондо, зайымнатыйжасында тартылган каражаттарды эсепке албастан жергиликтүү өз ал-дынча башкаруунун жылдык кирешесинин көлөмүнөн 20 пайыздан ашык болбоо-го тийиш. 28. Муниципалдык баалуу кагаздарды тындыруу эмиссия проспектисиндекөрсөтүлгөн күнү жүргүзүлөт. Эгерде тындыруу күнү дем алыш күндөргөтуура келип калса, тындыруу андан кийинки жумушчу күнү жүргүзүлөт. 29. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы алардын ээлеринин каа-лоосу боюнча муниципалдык баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда тындыруумүмкүнчүлүгүн шарттоого акылуу. Мында муниципалдык баалуу кагаздардычыгаруу жөнүндө чечимде тындыруу наркы жана андан эрте тындырууга көр-сөтүүгө мүмкүн болушу ыктымал мөөнөт аныкталууга тийиш. 30. Муниципалдык баалуу кагаздарды сатууда жана тындырууда эсепте-шүүлөрдүн тартиби Муниципалдык баалуу кагаздар менен эсептешүүлөр боюн-ча эмитент менен оператор ортосунда келишимде аныкталат. 31. Эмитент тарабынан конкурстук негизде тандалган банк муниципал-дык баалуу кагаздар менен эсептешүүлөр боюнча оператор болуп саналат. VI. Муниципалдык баалуу кагаздарды каттоо 32. Муниципалдык баалуу кагаздарды каттоо Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлиги тарабынан ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Фи-нансы министрлиги тарабынан муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунукаттоодон баш тартуу чыгарууну токтотуу үчүн негиз болуп саналат. Муниципалдык баалуу кагаздарды каттоо үчүн жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органы каттоодон өткөрүүчү органга төмөнкү документтерди бе-рүүгө тийиш: - каттоодон өткөрүүгө арыз; - эмиссия проспекти; - баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө жергиликтүү кењештин чечимижана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин макулдугу. 33. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан муници-палдык баалуу кагаздарды каттоодон өткөрүү чыгарылышты каттоого табыш-тама берген күндөн 14 (он төрт) календардык күндө ишке ашырылат. 34. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну каттоодон баш тартууүчүн негиздер төмөнкүлөр болуп саналат: - Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамын, ошондой эле баалуукагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бузуу; - муниципалдык баалуу кагаздар эмиссиясынын каттоого берилген көр-сөткүчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле КыргызРеспубликасынын башка ченемдик-укуктук актыларынын талаптарына ылайыккелбей калуу; - ушул жобонун талаптарын сактабай коюу. Муниципалдык баалуу кагаздарды каттоодон баш тарткан учурда кат-тоодон өткөрүүчү орган ушул Жобонун 33-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт өт-көндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына баш тартуунун се-бебин жазуу түрүндө маалымдоого милдеттүү. 35. Муниципалдык баалуу кагаздардын чыгарылышын каттоодон өткөр-гөндө Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык мамле-кеттик каттоо номуру ыйгарылат. 36. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамда белгиленгентартипте муниципалдык баалуу кагаздардын ээлеринин тизмесин жүргүзүүнүуюштурууга милдеттүү, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мененкелишимдин негизинде баалуу кагаздардын ээлеринин тизмесин жүргүзүү бо-юнча иш жүргүзүү укугуна лицензиясы болгон баалуу кагаздар базарынынкесипкөй катышуучусу тарабынан жүргүзүлөт. 37. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлигине ай сайын Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктукактыларына ылайык муниципалдык баалуу кагаздар боюнча отчет берип ту-рат. 38. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдарынын карыздык милдеттенмелеринин эсебин жүргү-зөт. VII. Муниципалдык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин аткарылышына жоопкерчилик жана кепилдик 39. Муниципалдык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин аткары-лышына жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тартат. 40. Муниципалдык баалуу кагаздар жергиликтүү бюджетте ачык-айкынкирешелүү статьялар менен камсыздалат. 41. Муниципалдык баалуу кагаздар эмиссиянын шартында каралганучурларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн муниципалдык баалуу кагаздар боюнчамилдеттенмелердин аткарылышына жоопкерчиликти камсыздандырууну жүргү-зүүгө укуктуу. 42. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарганда бюджеттик мыйзамдынжергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сакталышына конт-ролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынанишке ашырылат. 43. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципал-дык баалуу кагаздар боюнча мыйзамдын сакталышына контролдукту баалуукагаздар базарын жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органжүргүзөт. 44. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы эмиссияпроспектисинде камтылган маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн жана муници-палдык баалуу кагаздарды чыгарууну, жайгаштырууну, жүгүртүүнү жана тын-дырууну жүргүзгөндө мыйзам ченемдерин бузгандыгы үчүн мыйзамда белги-ленген жоопкерчиликти тартат.