Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 20-февралындагы №136 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 82 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы жөнүндө ЖОБО

I. Жалпы жоболор

II. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын негизги милдеттери

III. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын функциялары

IV. Мамлекеттик инспекциясынын уюштурулушу

V. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын инспекторлорунун укугу жана

милдеттери

VI. Мамлекеттик инспекциясын каржылоонун булактары

VII. Мамлекеттик эмгек инспекциясын кайра түзүү жана жоюу

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция Министрлигине караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясы (мындан ары - Мамлекеттик эмгек инспекциясы), Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды баардык мекемелердин, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан жана бул мыйзам тиешелүү болгон жеке жактардын сактоосуна мамлекеттик көзөмөл жана контролдук жүргүзүүчү мамлекеттик орган болуп эсептелет.

2. Мамлекеттик эмгек инспекциясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, эмгектик укук ченемдерин, эмгекти коргоону камтуучу башка ченемдик укук актыларын, Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция Министрлигинин чечимдерин жана ушул жобону жетекчиликке алат.

3. Мамлекеттик эмгек инспекциясы Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарын сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду өзү жана белгиленген тартипте түзүлгөн аймактык уюму аркалуу жүргүзөт.