Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык   КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

2009-жылдын 26-октябры ПЖ № 426

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиги жана башка мамлекеттик органдар жөнүндө

(КР Президентинин 2011-жылдын 5-августундагы ПЖ № 181, 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)

Мамлекеттик башкаруу системасын жана органдарын реформалоого байланыштуу, аткаруу бийлик системасына кирбеген мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1, 7, 42-беренелерин жана 46-беренесиндеги 2-пункттун 9-пунктчасын жана 47-беренесин жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн улуттук борбору жоюлсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу 2001-2010-жылдары Ош шаарын социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын турмушка ашыруу боюнча Координациялык кеңештин алдындагы аткаруу дирекциясын жойсун;

- ушул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн органды жоюу боюнча комиссияны түзсүн, бул комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент

Кыргызской Республики

 

К. Бакиев