Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2010-жылдын 9-сентябры ПЖ № 170

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасында мамлекеттик кадр саясатын өркүндөтүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы № 143 "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун үчүнчү абзацында "башкаруу жана" деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик органдардын статс-катчыларын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктачу тартипте ведомстволор арасында ротациялоого жол берилет.";

- 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мамлекеттик органдын тармактык саясат маселеси боюнча функциялык милдеттерин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен макулдашуу боюнча статс-катчыга тапшырууга болот;";

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Статс-катчы мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча төмөнкүлөрдү ишке ашыраары аныкталсын:

- кандидаттарды администрациялык мамлекеттик бош кызмат орундарга дайындайт;

- администрациялык мамлекеттик кызмат орундарды ээлеп турган мамлекеттик кызматчыларды орун которуштурат жана ротациялайт.";

- 9-пункттагы "кол коюлган" деген сөздөр "расмий жарыяланган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р. Отунбаева