Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык   КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 1-октябрындагы № 222 Жарлыгы менен Бекитилген 1-Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фонду жөнүндө

I. Жалпы жоболор

II. Фонддун каражаттарын түзүү жана пайдалануу

III. Эсеп, отчеттуулук жана Фонддун каражаттарын

пайдаланууну көзөмөлдөө

I. Жалпы жоболор

1. Кесиптик жогорку даярдыктагы кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу жана кармап калуу, мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик даярдыктарын жогорулатуу жана окутуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле аларды материалдык жактан коргоо жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин умтулууларын арттыруу мамлекеттик кызматкерлерди колдоо Фондунун (мындан ары - Фонд) негизги максаты болуп саналат.

2. Фонддун каражаттарын чыгымдоо ачык-айкындык, калыстык жана кайтарымдуулук принциптеринде жүзөгө ашырылат.

3. Фонддун каражаттарын башкаруу үчүн Фонддун Байкоочу кеңеши түзүлөт.

II. Фонддун каражаттарын түзүү жана пайдалануу

4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- донор-өлкөлөрдүн жана эл аралык донордук коомчулуктун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өнүктүрүүгө берген гранттык каражаттарынан;

- мамлекеттик кызматкерлердин тийиштүү иш чөйрөлөрүндө окууларына жана кесиптик даярдыктарын жогорулатууларына кызыкдар тапшырыкчылардын, анын ичинде, чет өлкөлүк тапшырыкчылардын максаттуу төлөмдөрүнөн;

- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан;