Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2015-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 12 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 27-майы ПЖ № 126

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө

 (КР Президентинин2012-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 61

 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүнө жана "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жогорку командалык курамдын адамдары ээлеген орундарынын тиркелген Тизмеси бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 5-августундагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын алдында Штабын түзүү жөнүндө" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 8-октябрындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 5-декабрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгынын 2-пункту.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

Р. Отунбаева

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 27-майындагы № 126 Жарлыгы менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жогорку

командалык курамдын адамдары ээлеген кызмат орундарынын

ТИЗМЕСИ

 

(КР Президентинин

2012-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 61 Жарлыгынын

редакциясына ылайык)

 

┌──┬───────────────────────────────────────────────────┬──────────────┐

│NN│        Кызмат орундарынын аталыштары              │     Саны     │

│1 │Кыргыз Республикасынын коргоо министри             │       1      │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│2 │Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи  │              │

│  │орун басары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын    │              │

│  │зардалы                                            │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│3 │Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи  │       1      │

│  │орун басары                                        │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│4 │Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун     │       2      │

│  │басары                                             │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│5 │Түштүк-Батыш региондук командачылыгынын (тобунун)  │       1      │

│  │кол башчысы                                        │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│6 │Башкы башкармалыктын зардалы                       │       4      │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│7 │Абадан коргонуу күчтөрүнүн кол башчысы             │       1      │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│8 │Дивизиянын командири                               │       1      │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│9 │Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант        │       1      │

│  │К.Ү.Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын      │              │

│  │Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтунун зардалы  │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│10│Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук          │       1      │

│  │мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун   │              │

│  │басары - Чек ара аскерлеринин кол башчысы          │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│11│Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук          │       1      │

│  │мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин кол   │              │

│  │башчысынын биринчи орун басары - Башкы штабдын     │              │

│  │зардалы                                            │              │

├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│12│Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук          │       3      │

│  │мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин кол   │              │

│  │башчысынын орун басары                             │              │

└──┴───────────────────────────────────────────────────┴──────────────┘