Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 18-октябры ПЖ № 257

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

(КР Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты уюштуруу системасын андан ары өркүндөтүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- (КР Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматчыларын аттестациялоону өткөрүү тартиби жөнүндө Жободо:

бүтүндөй текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

13-пункттун үчүнчү абзацындагы "Улуттук агенттиктин директору же анын орунбасары" деген сөздөр "Улуттук агенттиктин директору же статс-катчысы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

20-пунктта:

экинчи сүйлөмдөгү "орунбасары" деген сөз "статс-катчысы" деген сөз менен алмаштырылсын;

төмөнкү мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Аттестация үч этапта өткөрүлөт: тестирлөө, жазуу тапшырмасы жана аңгемелешүү.".

(КР Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

Р.Отунбаева