Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
2012-жылдын 1-февралы ПЖ № 24
Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Республикадагы коомдук-саясый кырдаалды талдоо өлкөдө коомдук тартипке, өлкөнүн туруктуулугуна жана улуттук коопсуздугуна башкы коркунучтардын бири болуп экстремисттик жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигинин жигердешүүсү санала тургандыгын көрсөттү. Соңку жылдары ушул бузуку күчтөр тарабынан өлкөнүн ичинде, ошондой эле андан сырткары жерлерде коомдун бүйүрүн кызыткан аракеттер жана өтө оор кылмыштар жасалган. Экстремисттик элементтер уюшкан кылмыштуулук менен биригип алып, бүткүл коомго жана мамлекетке чакырык таштады.
Бузуку күчтөрдүн пландарынын жана биргелешкен аракеттеринин тактикасынын негизи укукка каршы аракеттерге, анын ичинде этностор аралык кагылышууларга калктын аларга алданган катмарын, өзгөчө жаштарды жигердүү тартуу менен өлкөдө ички саясый оорчулукту түзүү болуп саналат. 2010-жылы апрелде Чүй облусунун Токмок шаарында жана Маевка айылындагы жаңжалдар, ошондой эле 2010-жылдын май-июнунда Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда болгон кайгылуу окуялар өзгөчө тынчсызданууну жана кооптонууну жаратат. Бузуку элементтердин турмуш-тиричиликтеги жаңжалдарын этностор аралык кагылышууларга айландыруу аракеттери 2011-жылы жана 2012-жылдын башында Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат айылында, Баткен облусунун Лейлек районундагы Андарак айылында жана Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында байкалган.
Республиканын жарандары бийлик органдарына, укук коргоо структураларына адилеттүү сын айтып, ошону менен бирге мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эң олуттуу тыянактарды жасап, коомдук тартипти бузууга жол бербөө жана коомдун коопсуздугун сактоо боюнча зарыл чараларды көрө тургандыгына ишеним артышат.
Укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин укукка каршы кол салуулардан коргоону күчөтүү, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген экстремизмге жана кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60-, 65-беренелерин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, коопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салган мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды аткаруу, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттин конституциялык милдеттенмелерин натыйжалуу аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
- эки айлык мөөнөттө:
мыйзамдуулукту жана коомдук коопсуздукту чыңдоого, кылмыштардын жана башка укук бузуулардын алдын алууга, жарандарда мыйзамды урматтоо менен мамиле кылууну калыптандырууга багытталган мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте коомдук коопсуздукту чыңдоо, мамлекеттик чек араларды бекемдөө, администрациялык имараттардын, жашоону камсыз кылуу объекттеринин жана башка стратегиялык объекттердин, ошондой эле маанилүү коомдук-саясый иш-чаралар өткөрүлүүчү жерлердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралардын комплексин иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын;
коомдук түзүлүштөрдүн жана ыктыярдуу элдик кошундардын катышуучуларынын сапаттык курамына өзгөчө көңүл буруу менен аларды коомдук тартипти жана коопсуздукту коргоого көмөк көрсөтүү боюнча ишке тартуу практикасын тартипке келтирүү боюнча чараларды ишке ашырсын;