Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык   КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

2012-жылдын 20-февралы ПЖ № 48

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселелери жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы № 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясы.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев