Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
2012-жылдын 4-июну ПЖ № 115
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2013-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 209, 2015-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 216, 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоого, өлкөдө тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын жаңы муунун тарбиялоону, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү боюнча ишке жарандык коомдун жана эксперттик жамааттын өкүлдөрүн тартуу максатында токтом кылам:
(КР Президентинин 2015-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 216 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- (2-абзац КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңеш 2-тиркемеге ылайык курамда.
(КР Президентинин 2015-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 216, 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- (2-абзац КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңеш жөнүндө Жобо.
(КР Президентинин 2015-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 216, 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгынын редакциясына ылайык)