Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2013-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ №198 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 9-июну ПЖ №119

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө

(КР Президентинин 2012-жылдын 24-июлундагы ПЖ№139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын башкарууну өркүндөтүү жана улуттук кадр потенциалын натыйжалуу калыптандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын тиркелген Жобосу жана анын түзүмү бекитилсин.

(КР Президентинин 2012-жылдын 24-июлундагы ПЖ №139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы №385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринин 4-главасында:

"Улук кызмат орду" тобу төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"

Улук кызмат орду

У1

Башкы адис

Сектор башчы

У2

Жетектөөчү адис

Башкы адис

У3

 

Жетектөөчү адис

 

";

төмөнкү мазмундагы "Кенже кызмат орду" деген топ менен толукталсын:

Кенже кызмат орду

К1

Адис Референ

Адис

 

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы белгиленген тартипте ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды кабыл алсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана - анын аймактык органдарынын ишине байланышкан уюштуруу, финансылык, материалдык-техникалык жана башка маселелерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматын күтүүгө каралган каражаттардын чегинде чечсин;

- мурда кабыл алынган чечимдерди ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы №514 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө" Жарлыгынын 1 жана 2-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-мартындагы №73 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-августундагы №148 "2009-жылдын 13-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 1-октябрындагы №222 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлеринин колдоо Фонду жөнүндө" Жарлыгынын 5-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы №70 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгынын 1-пункту.

6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А.Атамбаев

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2012-жылдын 9-июнундагы

№ 119 Жарлыгы менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын

ТҮЗҮМҮ

 

(КР Президентинин 2012-жылдын 24-июлундагы ПЖ №139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

 

                            ┌────────────┐

                            │  Директор  │   ┌──────────────────────┐

                            └────────────┘   │   Кеңешчи, жардамчы  │

                                             └──────────────────────┘

┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐

│     Статс-катчы     │ │   Директордун орун  │ │   Директордун орун  │

│                     │ │        басары       │ │        басары       │

└─────────────────────┘ └─────────────────────┘ └─────────────────────┘

┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐

│   Мамлекеттик жана  │ │   Мамлекеттик жана  │ │     Отдел (центр)   │

│     муниципалдык    │ │     муниципалдык    │ │   тестирлөө бөлүмү  │

│   өнүктүрүү бөлүмү  │ │ кызматчыларды окутуу│ │       (борбору)     │

│                     │ │        бөлүмү       │ │                     │

└─────────────────────┘ └─────────────────────┘ └─────────────────────┘

┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐

│  Ченемдик-укуктук   │ │  Мамлекеттик кызмат │ │ Персоналды башкаруу │

│ жактан камсыз кылуу │ │      өтөө бөлүмү    │ │ жана иш кагаздарын  │

│       бөлүмү        │ │                     │ │   жүргүзүү бөлүмү   │

└─────────────────────┘ └─────────────────────┘ └─────────────────────┘

┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐

│   АРБМС системасы   │ │ Муниципалдык кызмат │ │   Финансылык жана   │

│       сектору       │ │     өтөө бөлүмү     │ │  администрациялык   │

│                     │ │                     │ │ жактан камсыз кылуу │

│                     │ │                     │ │       бөлүмү        │

└─────────────────────┘ └─────────────────────┘ └─────────────────────┘

┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐

│   Мониторинг жана   │ │      Кирешелерди    │ │  Басма-сөз кызматы  │

│   мыйзамдуулукту    │ │ декларациялоо бөлүмү│ │                     │

│     контролдоо      │ │                     │ │                     │

└─────────────────────┘ └─────────────────────┘ └─────────────────────┘

┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐

│ Борбордук аймактык  │ │   Түштүк аймактык   │ │   Түндүк аймактык   │

│      өкүлчүлүк      │ │      өкүлчүлүк      │ │      өкүлчүлүк      │

│(Чуй, Талас облустары│ │  (Ош, Жалал-Абад,   │ │(Ысык-Көл жана Нарын │

│  жана Бишкек шаары  │ │Баткен облустары жана│ │  облустары боюнча)  │

│       боюнча)       │ │  Ош шаары боюнча)   │ │                     │

└─────────────────────┘ └─────────────────────┘ └─────────────────────┘