Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 13-февралы ПЖ N 26

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР Президентинин 2016-жылдын 5-августундагы ПЖ № 180 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы N 301 "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо жана анын сыпатталышы боюнча конкурстук комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.";

- (төртүнчү абзац КР Президентинин 2016-жылдын 5-августундагы ПЖ № 180 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

(КР Президентинин 2016-жылдын 5-августундагы ПЖ № 180 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 19-февралында N 14 жарыяланды

 

Президент

 

А. Атамбаев

 

 

 

 

Тиркеме

 

"Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо жана анын сыпатталышы боюнча конкурстук комиссиянын КУРАМЫ

КР Президентинин 2016-жылдын 5-августундагы ПЖ № 180 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ