Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1996-жылдын 17-июну № 20
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-февралындагы № 12, 1998-жылдын 17-декабрындагы № 151, 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2001-жылдын 30-декабрындагы № 114, 2002-жылдын 5-январындагы № 1, 2002-жылдын 20-мартындагы № 41, 2002-жылдын 16-октябрындагы № 145, 2005-жылдын 13-февралындагы № 32, 2005-жылдын 30-июнундагы № 86, 2005-жылдын 22-июлундагы № 110, 2008-жылдын 20-мартындагы № 32, 2009-жылдын 15-июлундагы № 217, 2011-жылдын 6-октябрындагы № 166, 2012-жылдын 29-октябрындагы № 175, 2014-жылдын 11-январындагы № 3, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 159, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2020-жылдын 13-майындагы № 54, 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 31-июлундагы №180, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын граждандарын мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
I Бөлүм Жалпы жоболор
1-статья. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу
Мамлекеттик социалдык эмгектик мертинүүнүн же кесиптик дартка чалдыгуунун, майыптыгынын, карыгандыгынын, баккан адамынан айрылгандыгынын жана анын өлүмүнүн натыйжасында камсыздандырылган адамдар өздөрүнүн иштеп тапканын же кирешесин жоготкон учурда жумуш берүүчүлөр менен граждандардын милдеттүү камсыздандыруу салымдарынын эсебинен камсыз кылуунун мамлекет тарабынан гарантияланган түрлөрүнүн системасы болуп эсептелет.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу милдеттүү болуп саналат.
(КР 2005-жылдын 13-февралындагы № 32, 2005-жылдын 30-июнундагы № 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Камсыздандыруучу - граждандарды эмгек келишимдери (контракттар) боюнча жалдаган граждандар, юридикалык жактар (менчигинин түрүнө жана ишинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар, мекемелер жана башка чарба жүргүзүүчү субъект) жана жеке адамдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүзөгө ашырып жаткан чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жеке адамдар ошондой эле эл аралык уюмдар, эл аралык макулдашууларга ылайык түзүлгөн уюмдар, эл аралык долбоорлор, дипломаттык мекемелер жана өкүлчүлүктөр.
Камсыздоочу - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жагында камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырган юридикалык жак.
Камсыздандырылган адам - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу өзүнүн пайдасы үчүн жүзөгө ашырылган жеке адам.
Камсыздандыруу учуру - болгон окуя, анын натыйжасында камсыздоочунун камсыздандырылган адамга камсыздандыруу төлөмүн төлөө же ал тарткан чыгымдарды компенсациялоо милдети келип чыгат.
Пособие - камсыздандыруу учуру келип чыкканда камсыздандырылган адамга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөрдө жана шарттарда төлөнө турган камсыздандыруу төлөмү.
Компенсация - Кыргыз Республикасынын жарандык жана эмгек мыйзамдарында белгиленген учурларда камсыздандырылган адамдардын чыгымдарынын ордун толтуруу.
Камсыздандыруу салымы - камсыздандыруучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу үчүн камсыздоочуга төгүп берүүгө милдеттүү болгон акы.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун субъектилери - камсыздандыруучу, камсыздоочу, камсыздандырылган адам.