Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 28-августу ПЖ № 195

Кыргыз Республикасында 2016-жылдын 29-августун аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө

2016-жылдын 27-августунда бир эле мезгилде эки каргашалуу окуя болду. Россия Федерациясынын Москва шаарындагы өрттүн кесепетинен Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болду. Бишкек-Ош автомобиль жолундагы кырсык 9 мекендешибиздин өмүрүн алды.

Кыргызстан эли үчүн бул орду толгус оор жоготуу болду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга оор учурда колдоо көрсөтүү үчүн чараларды көрүүдө. Адамдардын курмандыгына алып келген себептерди объективдүү иликтөөнү камсыз кылуу иштери аткарылууда. Бул максатта Россия Федерациясынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасында 2016-жылдын 29-августу аза күтүү күнү деп жарыялансын.

2. Аза күтүү күнү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга керектүү жардамдарды берип, колдоо көрсөтсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев