Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 16-январы ПЖ № 3

"Боинг-747" жүк ташуучу учагынын авиакырсыкка учурашынын кесепетинен каза болгондор боюнча 2017-жылдын 17-январын Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө

2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда болгон авиакырсыктын кесепетинен Гонконг-Бишкек авиа каттамы боюнча учуп бара жаткан "Боинг-747" жүк ташуучу учагы кулаган.

Көп сандаган адам курмандыктарына алып келген авиакырсык Кыргызстандын бүтүндөй эли үчүн орду толгус оор жоготуу болду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү боюнча чараларды көрүүдө. Каза болгондорго аза күтүү менен жана алардын туугандары менен жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасында 2017-жылдын 17-январы аза күтүү күнү деп жарыялансын.

2. Аза күтүү күнү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга керектүү жардамдарды берип, колдоо көрсөтсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

  

Президент

А. Атамбаев