Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 7-февралы №87

Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июлундагы УӨ № 125, КР Өкмөтүнүн  2011-жылдын 25-июлундагы №405, 2015-жылдын 23-июлу № 522 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689, 2017-жылдын 15-мартындагы № 158 , 2019-жылдын 1-августундагы № 391, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 66, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 197 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 2-августундагы № 195 "Чет өлкөлүк граждандардын виза режимин жана Кыргыз Республикасынын граждандарынын чет өлкөлөргө баруусун жеңилдетүү чаралары жөнүндө", 2005-жылдын 9-августундагы № 307 "2005-жылы туристтик сезонду өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасында туризмди андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тиркелген тизмеси (мындан ары - Тизме) бекитилсин.

2. Тизмеге кирген чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларын жеке кайрылуунун негизинде, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын тиешелүү органдарынан алууга укуктуу экендиги белгиленсин.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июлундагы УӨ № 125 токтомунун редакциясына ылайык, 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689)

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тизмеде көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволору менен өз ара байланыш принцибинин негизинде ал мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн өз ара жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режим киргизүүсү боюнча иш жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-апрелиндеги № 213 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнөн жана республиканын аймагындагы консулдук мекемелерден жеке кайрылууларынын негизинде ички иштер органдарында каттоодон бошотулуу менен, улуттук коопсуздуктун, экономикалык өнүгүүнүн кызыкчылыктарын, эл аралык саясий кырдаалдын абалын жана башка факторлорду эске алуу менен бир айга чейинки мөөнөткө жарандары Кыргыз Республикасынын келүү-кетүү визаларын алууга укуктары бар мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү жана 2025-жылдын 31-декабрына чейин колдонулуучу Тизменин алтымыш тогузунчу-сексенинчи абзацтарынан тышкары, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 197 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматына жүктөлсүн.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июлундагы УӨ № 125 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министр

И.Чудинов

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №87 токтому менен бекитилген

Жарандарына жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин ТИЗМЕСИ

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июлундагы УӨ № 125, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-июлундагы №405, 2015-жылдын 23-июлу № 522, 2017-жылдын 15-мартындагы № 158 , 2019-жылдын 1-августундагы № 391, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 66, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 197 токтомдорунун редакциясыяларына ылайык)

Австралия

Австрия Республикасы

Бельгия Королдугу

Болгария Республикасы

Босния жана Герцеговина

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу

Венгрия Республикасы

Германия Федеративдүү Республикасы

Греция Республикасы

Дания Королдугу

Израиль Мамлекети

Ирландия Республикасы