"Ысык-Көл биосфералык аймагы жөнүндө" ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-ноябрындагы N 738, 2005-жылдын 28-июнундагы N 263, 2006-жылдын 19-сентябры N 682, 2013-жылдын 13-мартындагы N 131, 2013-жылдын 23-майындагы N 279, 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288, 2024-жылдын 4-июлундагы № 362, 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор 1. "Ысык-Көл биосфералык аймак" - "Ысык-Көл биосфералык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 25-сентябрындагы N 623 токтому менен түзүлгөн өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймагы, анын максаты: - жаратылыштык, жана маданий бай мурастары менен табигый аймактарды сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу; - аймактарды узак мөөнөттүү, туруктуу экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнү, анын ичинде жаратылыш ресурстарын сактоону жана калыбына келтирүүнү эске алуу менен рекреациялык пайдаланууну колдоо; - узак мөөнөттүү экологиялык контроль, мониторинг жана экологиялык изилдөөлөр, ошондой эле экологиялык жактан агартуу жана тарбиялоо. 2. "Ысык-Көл биосфералык аймагы жөнүндө" 42 град., 59-1, 00" - 41 град., 08-1, 30", сш. жана 75 град., 38-1, 00-11-80 град ., 18 град., 00" в.д. координаттарында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын административдик-аймактык чек арасынын чегинде жайгашып, жалпы аянты 43,1 миң кв. км ээлейт жана биом тибиндеги тоолуу Памир - Тянь-Шань провинциясын эл аралык биогеографиялык райондоштурууда - татаал зоналуу тоолуу жана бийик тоолуу геосистеманы билдирет. 3. Биосфералык аймактын жерлери мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка менчик формаларында болот. Ээлик кылуунун аймактык структурасынын өзгөрүшү, жер ээлеринин өз укуктары менен гарантияларын ишке ашыруусунун тартиби жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо, жер участокторун которуу (трансформациялоо), жер жана суу мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен аныкталат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык) 4. Биосфералык аймактын чек араларын, анын функционалдык структурасын, белгиленген зоналаштырууну жана жаратылышты пайдалануунун тиешелүү режимдерин өзгөртүү, ошондой эле биосфералык аймакты жоюу айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, башка кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык) II. Функциясы жана милдеттери 5. Кыргыз Республикасында биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ЮНЕСКОнун "Адам жана биосфера" (МАБ), Программаларынын чектеринде эл аралык стандарттарга ылайык "Ысык-Көл биосфералык аймагы" төмөнкүдөй функциялардын аткарылышын камсыз кылат: - жаратылыштык ландшафтарды, экосистеманы, генетикалык ар жактуулугун сактоо; - региондун экономикалык жана маданий өнүгүшүнө көмөктөшүү, адамзаттын экологиялык жактан коопсуз туруктуу өнүгүшү менен айлана-чөйрөнүн байланышын камсыз кылуу; - айлана-чөйрөнүн абалын узак мөөнөттүү изилдөө жана анын мониторингин жүргүзүү жана региондо жаңы технологияларды стандартташтырууну, өткөрүп берүүнү сыноо үчүн жаратылышты пайдалануунун жана базалык кызмат кылуунун адис-менежерлеринин квалификациясын жогорулатууда, экологиялык жактан тарбиялоодо регионго көмөктөшүү. |