Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин

2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2266-V токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 23-декабры № 1453-V

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына төмөнкүлөрдүн талапкерликтери аныкталсын:

 

Өмүрбек Токтогулович Бабановдун

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына

Аалы Азимович Карашевдин

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызматына

Жоомарт Каипович Оторбаевдин

- Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министринин кызматына

Гүлнара Үмөтовна Асымбекованын

-Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министринин кызматына

Төрөгул Ниязович Бековдун

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин - министринин кызматына

Руслан Айтбаевич Казакбаевдин

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызматына

Зарылбек Кылычбекович Рысалиевдин

- Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматына

Алмамбет Насырканович Шыкмаматовдун

- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызматына

Акылбек Үсөнбекович Жапаровдун

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызматына

Темир Аргембаевич Сариевдин

- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин кызматына

Сапарбек Мамбетович Тынаевдин

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин кызматына

Калыкбек Иманалиевич Султановдун

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызматына

Кубатбек Айылчиевич Бороновдун

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдааддар министринин кызматына

Аскарбек Алимбаевич Шадиевдин

-  Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин кызматына

Канат Жалилович Садыковдун

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызматына

Динара Зарлыковна Сагимбаеванын

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызматына

Ибрагим Кожоназарович Жунусовдун

- Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин кызматына

Равшан Азагович Сабировдун

- Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин кызматына

Алисбек Төлбашиевич Алымкуловдун

-Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин кызматына

 

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерликтер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине берилсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А. Жээнбеков