Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 14-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 17-октябры № 2395-V

2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Өз ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү комитеттери түзүлсүн:

Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет;

Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитет;

Коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;

Эл аралык иштер боюнча комитет;

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет;

Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитет;

Социалдык саясат боюнча комитет;

Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет;

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет;

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет;

Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитет;

Бюджет жана финансы боюнча комитет;

Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет.".

 

Төрага

А. Жээнбеков