Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 5-июнундагы № 398

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2000-жылдын 17-апрели № 207

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-

жылдын 25-июнундагы "Кыргыз Республикасынын

бийик тоолуу жана алыскы райондорунда жашаган

адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө"

№ 377 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Нарын областынын Жумгал районундагы Таш-Төбө айылынын бийиктиги такталгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы райондорунда жашаган адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" №377 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 

- № 1 тиркемедеги "Жумгал району" деген бөлүмдүн 26-пунктунда райондук коэффициент графасындагы "1,20" деген сандар "1,50" деген сандар менен алмаштырылсын.

 

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген коэффициенттер жана үстөк төлөөлөр 2001-жылдын 1-январынан баштап төлөнсүн.

 

3. Бул токтом жалпы маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Премьер-министр

А. Муралиев