Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 6-марты №2836-V

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2266-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесинин 6-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиев тарабынан сунуш кылынган талапкерлик жактырылсын:

Султан Акимович Раевдин - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына.

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы №2266-V токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктунун он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Султан Акимович Раевдин - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына;".

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

   

 

 

Төрага

А. Жээнбеков