Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 22-майы №3097-V

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы№2266-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда көрсөтүлгөн беренесине каршы келбеген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Осмонбек Мамбетжанович Артыкбаевдин талапкерлиги жактырылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы №2266-V токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун он алтынчы абзацындагы "Автандил Исмаилович Калмамбетовдун" деген сөздөр "Осмонбек Мамбетжанович Артыкбаевдин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

А.Жээнбеков