Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1994-жылдын 14-январы № 1422-XII
Суу жөнүндөгү
КР 1995-жылдын 28-июлунун жана 26-сентябрындагы № 21-1, 2012-жылдын 25-июлундагы № 132, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2016-жылдын 7-майындагы № 57, 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 54, 2018-жылдын 26-майындагы N 55 , 2019-жылдын 5-апрелиндеги N 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-январындагы № 1423-XII токтому менен колдонууга киргизилген
I бөлүм. Жалпы жоболор
1-берене. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарынын максаттары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарынын максаты жана милдеттери болуп суу ресурстарын (сууларды) пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу, суу объектилерине жана суу чарба курулуштарына чарбалык жана башка иш-аракеттердин экологиялык жактан зыяндуу таасирине жол бербөө жана аталган объектилер менен курулуштардын абалын жакшыртуу, суу мамилелери жагындагы мыйзамдуулукту чыңдоо саналат.
2-берене. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдары
Кыргыз Республикасында суу мамилелери Кыргыз Республикасынын ушул «Суу жөнүндөгү» Мыйзамы жана ага ылайык чыгарылган Кыргыз Республикасынын башка мыйзам жана нормативдик актылары менен жөнгө салынат. Жер, токой, тоо, чарба жана мүлк жагынан мамилелер, ошондой эле жаратылышты коргоо менен байланышкан мамилелер Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3-берене. Суу ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун негизги принциптери
Кыргыз Республикасынын уюмдары, ишканалары, мекемелери жана граждандары, чет өлкөлүк юридикалык жактар жана граждандар жана граждандыгы жок адамдар суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндө чарбалык жана башка иш-аракеттеринде төмөндөгүдөй негизги принциптерди жетекчиликке алышат:
- адамдын өмүрүнүн жана ден соолугунун артыкчылыгы, анын эмгектенүүсү жана эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу;
- сууларды сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо;
- суу мыйзамдарынын талаптарын сактоо, бул талаптардын бузулушу үчүн сөзсүз түрдө жоопкерчилик тартуу;