Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 18-майы № 65
Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө
(КР 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144, 2005-жылдын 14-мартындагы № 51, 2006-жылдын 31-июлундагы № 138 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 16, 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52, 2016-жылдын 30-июнундагы № 94, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 , 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Преамбула КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 94 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
I бөлүм Жалпы жоболор
1-статья. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:
бактерия таратуучулар - айлана-чөйрөгө оору козгоочуларды таратуучу оорулуулар;
(абзац КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
вакциналар - күчсүздөтүлгөн тирүү же өлтүрүлгөн микроорганизмдерден, алардын жашоо-тиричиликтик продуктуларынан, ошондой эле микробдук клеткадан алынган дарылык заттар. Вакциналар адамдардын жана жаныбарлардын жугуштуу ооруларга өзгөчө туруштук берүүсүн жогорулатуу үчүн жана бул оорулардын кээ бирлеринен дарылоо үчүн колдонулат;
вакциналаштыруу - жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында активдүү иммунитетти түзүү ыкмасы;
кургак учукка каршы жардам - кургак учук менен ооругандарды аныктоого, изилдөөгө, дарылоого, байкоого жана реабилитациялоого багытталган жана амбулатордук же стационардык шарттарда медициналык жардам көрсөтүүдө жүргүзүлүүчү социалдык, медициналык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын жыйындысы;
кургак учуктун микобактериялары - кургак учукту козгоочу-микроорганизмдер;
кургак учукту туберкулиндик табуу - кургак учукту табуу үчүн колдонулган дары заттын - туберкулиндин жардамы менен ооруну аныктоо үчүн оорулууну изилдөө ыкмасы;