Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 23-июну № 774-VI

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 4074-VI, 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 4138-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктуна, 124-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарына жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жабык-жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө төмөндөгүлөр шайлансын:

Журабаева Гүлнар Курашбековна;

Шайназаров Тынчтык Урайимович;

Сатыгулов Адилет Сатыгулович;

Эшимов Акылбек Жусупович;

Осмоналиев Кайрат Медербекович;

Бекматов Абдыжапар Гапырович;

Жилкичиева Елена Жусуповна;

Сариев Акылбек Аблабекович;

Шайлдабекова Нуржан Кармабековна;

Кадыров Бахтияр Сабиржанович;

Баатырова Гүлнар Маришовна;

Асаналиев Алмаз Турдакунович.

 (КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 4074-VI, 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 4138-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 24-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" № 807-V токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" № 900-V токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" № 938-V токтому.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Ч. Турсунбеков