Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 5-июнундагы № 398

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2001-жылдын 24-февралы № 58

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы

"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында

жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө"

№ 377 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Баетов калктуу конушунун бийиктиги такталганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" № 377 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 

- "Ак-Талаа району" деген бөлүмдүн 4-пунктунда райондук коэффициент графасындагы "1,20" деген цифра "1,50" деген цифрага алмаштырылсын.

 

2. Ушул токтомдун 1-пункту менеи белгиленген коэффициенттер жана кошумчалар бул токтом кабыл алынган учурдан баштап төлөнсүн.

 

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Премьер-министр

К.Бакиев