Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-декабры № 2017-П-11/51-4-(НФКУ)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2018-2021-жылдарга микрокаржылоо секторунун өнүгүүсүнүн негизги багыттары (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Тышкы көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды, Баткен областындагы өкүлчүлүктү, "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКты, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарынын ассоциацияларын, Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарын жана кредиттик союздарын тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөсү, Т.Дж.Джусуповго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучу |
| Н.Жениш |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-11/51-4-(НФКУ) токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ
1-глава. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга каралган улуттук стратегиясында сапаттуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана киреше деңгээли аз кардарлар үчүн финансылык жана социалдык ортомчулукту сунуштоо аркылуу калкты социалдык мобилизациялоого багытталган, финансылык системанын элементи катары микрокаржылоонун ролу белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасында кредит рыногун өнүктүрүүгө, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн керектөөчүлөрдүн потенциалын арттырууга, финансылык сабаттуулук жана жоопкерчиликтүү кредиттөө деңгээлин жогорулатууга багытталган, системалык иш каралган. Бул программада кредиттер боюнча пайыздык чендердин андан ары төмөндөөсүн, маалыматтык-санарип технологияларга негизденген кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу, калайык-калкка банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жайылтылышын арттыруу, кооперативдерди, ошондой эле ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү болжолдонгон. Мындан тышкары, программада чакан жана орто бизнес объекттерин өнүктүрүү үчүн негизги параметр катары өз алдынча камсыздоо жана өз алдынча жөнгө салуу системасын киргизүү аныкталган.
Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарында микрокаржылоо секторунун күндөлүк абалына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2012-жылдын 28-февралындагы № 150/40/6 токтому менен бекитилген, Микрокаржылоону өнүктүрүүнүн 2011-2015-жылдарга каралган стратегиясынын ишке ашырылышына баа берүүнү камтыйт, ошондой эле Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарын аныктайт.
Бул документте микрокаржылоо сектору дегенден улам, микрокаржылоо уюмдары түрүндөгү банктык эмес финансы-кредит уюмдарын, ошондой эле кредиттик союздарды кредиттөө менен алектенген, "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКсыны түшүнүүгө болот.
Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарынын башкы максаты - чакан бизнести жана жеке ишкердикти өнүктүрүүнү каржылоонун маанилүү инструменти катары микрокаржылоонун туруктуу жана социалдык жактан жоопкерчиликтүү секторун өнүктүрүү жана калктын жумуш менен камсыз болуусун жана жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн алгылыктуу экономикалык, мыйзам чыгаруу жана жөнгө салуу чөйрөсүн камсыз кылуу.
Аталган максатка жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү каралган:
- Банктык эмес финансы-кредит уюмдары үчүн жаңы финансылык продукттардын
- жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жайылтылышына, ошондой эле каржылоо булактарын кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн мыйзамдарын, ченемдик базаны өркүндөтүү;
- микрокаржылоо чөйрөсүндө жөнгө салуу жана көзөмөл системасын чыңдоо;
- туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу, алар тарабынан
- сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр спектрин кеңейтүү, ошондой эле алардын баа жана географиялык жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн микрокаржылоо секторун институционалдык өнүктүрүү;
- микрокаржылоо рыногунун инфраструктуралык институттарын өнүктүрүү;
- микрокаржылоо рыногунун ачык-айкындуулугун жана микрокаржылоо кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарынын коргоого алынышын камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2018-2021-жылдарда өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын ийгиликтүү ишке ашырылышы Улуттук банкты, бизнес-ассоциацияларды жана БФКУларды кошо алганда, рыноктун бардык катышуучуларынын натыйжалуу, ырааттуу жана координацияланган ишине жараша болот.
Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттары аларды Ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык, кызыкдар тараптар менен биргеликте, Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарына карата 1-тиркемеге ылайык конкреттүү чараларды жана аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.
2-глава. Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын күндөлүк абалы
§ 2.1. Жалпы макроэкономикалык жана cоциалдык-экономикалык чөйрө
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга каралган улуттук стратегиясында негизги максаттуу көрсөткүч катары макроэкономикалык туруктуулук аныкталат. Мында макроэкономикалык туруктуулукка төмөнкү негизги сандык параметрлерди сактоо менен жетишүүгө болот: реалдуу ИДӨнүн орточо жылдык өсүшүн кеминде 7 пайыз, инфляцияны 5-7 пайыз чегинде, бюджет тартыштыгын - ИДӨгө карата 5 пайыздан ашпаган өлчөмдө жана мамлекеттик тышкы карызды ИДӨгө карата 60 пайызга чейин1. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга каралган улуттук стратегиясында камтылган мөөнөттүн бүтүшүнө жакындашы боюнча максаттуу параметрлерге жетүүгө мүмкүн экендигин белгилөөгө болот.
Кыргызстан алгылыксыз тышкы экономикалык конъюнктурага, финансылык рыноктордогу дүйнөлүк экономикалык абалдын курчушуна байланыштуу экономикалык жагдайдын начарлоосу шартында, макроэкономикалык жагдайды турукташтырууга, улуттук валютанын өзгөрүлмөлүүлүгүн кыскартууга жана инфляциянын өсүшү басаңдатууга жетишти.
Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты экономиканын алгылыктуу өсүш арымын колдоого багытталган. Түпкү карыз алуучулар үчүн кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү жана экономиканы кредиттөөнү кеңейтүү максатында Улуттук банк кайра каржылоо инструменттеринин алкагында кредиттик ресурстарды сунуштоосун улантууда.
Айрым экономикалык көрсөткүчтөрдүн да жакшыруусу байкалууда: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан эсептелген, жакырчылыктын жалпы деңгээли 2016-жылга салыштырганда 6,7 пайызга төмөндөтүү менен 2016-жылы 25,4 пайызды түзгөн. Мында жакыр жашаган калктын абсолюттук көпчүлүгү (74 пайызы) айыл жергесинде жашагандыгын белгилей кетүү зарыл.
2012-жылдан тартып, Улуттук банк, банктар ортосунда атаандаштыкты күчөтүү, финансылык инфраструктураны бекемдөөгө, финансылык инструменттерин кеңейтүүгө финансы кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо системасы колдонууга киргизүүгө жана финансылык сабаттуулук программасын өнүктүрүүгө багытталган, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана финансылык сектордун өнүгүүсүн колдоо боюнча масштабдуу реформаларды жүзөгө ашыра баштаган. 2015-2016 жылдары Улуттук банкта керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү жана финансылык сабаттуулук сектору ачылган.
Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн электрондук жана төлөм терминалдары, аралыктан тейлөө банкингин өнүктүрүү аркылуу жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жыл сайын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртууда өсүш байкалууда (1-таблица).
1-таблица. Финансылык жеткиликтүүлүк индикаторлору
Көрсөткүчтөр | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 | 2016 |
1000 чарчы километрдеги банктардын бөлүмдөрүнүн саны | 4,8 | 5,2 | 5,6 | 6,0 | 6,6 |
Банктардын бөлүмдөрүнүн 100 миң адамга карата саны | 17,1 | 18,2 | 19,2 | 20,4 | 21,9 |
Банкоматтардын 1000 чарчы километрге карата саны | 3,1 | 4,1 | 5,0 | 6,2 | 6,5 |
Банкоматтардын 100 миң адамга карата саны | 11,0 | 14,4 | 17,3 | 21,0 | 21,6 |
Терминалдардын 1000 чарчы километрге карата саны | 12,4 | 17,4 | 23,4 | 30,3 | 35,5 |
Терминалдардын 100 миң адамга карата саны | 44,8 | 61,5 | 80,9 | 102,7 | 118,0 |
Коммерциялык банктардагы депозиттер (ИДӨдөн %) | 16,33 | 18,94 | 20,59 | 23,9 | 23,38 |
Коммерциялык банктардагы кредиттер (ИДӨдөн %) | 12,92 | 15,19 | 19,67 | 21,84 | 20,41 |
БФКУ кредиттери | 15,41 | 19,11 | 22,95 | 14,97 | 10,92 |
БФКУ кредиттери (ИДӨдөн %) | 4,96 | 5,38 | 5,73 | 3,48 | 2,38 |
Ошондой болсо да, жалпысынан алганда, экономикалык өсүштү басаңдатуучу айрым факторлор сакталып калууда - региондор арасындагы жогорку деңгээлдеги теңсиздик, инфраструктуралардын жана институционалдык системанын жетишсиз өнүгүүсү, акча которуулардан жана геоэкономикалык факторлордон көз каралдылык. Бир аз төмөндөөгө карабастан, жакырчылыктын жаппы деңгээли салыштыруу үчүн каралган өлкөлөргө караганда жогору бойдон калган.
Орто мөөнөткө каралган мезгил ичинде акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчү болуп, инфляция деңгээлин 5-7 пайыз чегинде кармап туруу саналат. Макроэкономикалык туруктуулуктун сакталышы жана экономикалык өсүштүн тездеши орто мөөнөттү мезгил ичинде экономиканын диверсификацияланышын, тышкы карыздын андан ары өсүшүн токтотууну жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн ишкер чөйрөнү заманбап технологиялардын жардамы менен жакшыртууну талап кылат. Экономикалык өсүштү 6-7-пайызга чейин тездетүү бүтүндөй өлкөнү өнүктүрүүнүн жана жакырчылык деңгээлин төмөндөтүүнүн зарыл шарты болуп саналат.
§ 2.2. Микрокаржылоо секторунун учурдагы абалы жана анын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасири
Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо сектору өзүнө микрофинансылык компанияларды (мындан ары - МФК), микрокредиттик компанияларды (мындан ары - МКК), микрокредиттик агенттиктерди (мындан ары - МКА) жана кредиттик союздарды камтыган микрофинансылык уюмдарынан (мындан ары - МФУ) турат.
Микрокаржылоо секторунун активдеринин жана кредиттеринин үлүшү банк тутумунун жана банктык эмес финансы-кредит уюмдар тутумунун активдеринин жана кредиттеринин жалпы суммасында, тиешелүүлүгүнө жараша 7,3% жана 10,2% түзөт.
МФУ чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө жана аз кирешелүү калктын ишкер демилгесинин жогорулашына түрткү берүүгө олуттуу салым кошушту. МФУлардын негизги кардарлары болуп (56,2 пайызга жакыны) аялдар саналышат. МФУлардын кредиттик портфелинин 60 пайызы күрөөлүк камсыздоосуз берилген кредиттерден турат, алардын ичинен 34 пайыз топтук кепилдик менен берилген. Ошол эле учурда бул кредиттердин кайтарымдуулугу 95 пайыздан төмөн эмес деңгээлде тура;.
2007-2011-жылдар ичинде микрокаржылоо сектору жогорку өсүш динамикасы жана ага жаңы катышуучулардын кошулуусу менен мүнөздөлсө, акыркы төрт жыл ичинде бул рынок өсүш арымынын басаңдоосу менен мүнөздөлгөн, ошол эле учурда иштин негизги сапаттык көрсөткүчтөрүнүн туруктуу деңгээлде сакталышы белгиленет. Алсак, акыркы он жылда (2007-жылдан 2016-жылга чейин) активдүү карыз алуучулардын саны 163,2 миңден 228,5 миңге чейин өскөн, ал эми чогуу алгандагы кредит портфелинин көлөмү 4,8 млрд. сомдон 10,9 млрд. сомго жогорулаган, мында кредиттин бир карыз алуучуга карата орточо өлчөмү дээрлик өзгөргөн эмес: 2007 жана 2010-жылдары тиешелүүлүгүнө жараша, 45,6 миң сом жана 50 миң сом, ал эми 30 күндөн жогорку тобокелдиктеги портфелдин көрсөткүчү 7,7 пайыздан ашкан эмес.
Белгилей кетсек, 2010-жылы сектор катышуучуларынын санынын өсүшү токтогон (454 МФУ), жана 2011-жылдан тартып, МФУлардын саны байкаларлык кыскара баштаган: 2016-жылдын акырына карата МФУлардын саны 162ни түзгөн2. МФУлардын санынын кыскарышы кирешелүү иш жүргүзүү үчүн капиталдын жетишсиздигине, МФУларга карата жөнгө салуучу талаптардын күчөшүнө жана башка себептерге байланыштуу болгон.
2-таблица. БФКУлардын өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү
| 2005 | 2010 | 2016 | |||
| МФУ | КС | МФУ | КС | МФУ | КС |
Саны | 134 | 320 | 396 | 217 | 162 | 116 |
Кредит алуучулар, миң адам | 52,1 | 22,4 | 371,9 | 19,6 | 218,6 | 9,4 |
Кредиттик портфель, млрд. с. | 1,49 | 0,58 | 9,9 | 1,14 | 19,5 | 0,94 |
Кредиттин орточо өлчөмү, миң с. | 28,5 | 25,9 | 26,7 | 58,2 | 89,1 | 100,1 |
МФУлардын санынын кыскаргандыгына карабастан, калктын микрокредиттер менен камсыз болуусу 1,4%дан 3,8%га өскөн (3-таблица). Бирок финансылык камтуу көрсөткүчү (3,9%дан (2005-жылы) 2,5%га чейин төмөндөгөн.
3-таблица. МФУлардын өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү
Негизги көрсөткүчтөр | 2005 | 2010 | 2015 | 2016 |
МФУлардын саны | 134 | 396 | 172 | 162 |
Калктын микрокредиттер менен камтылышы, % | 1,4 | 7,1 | 9,1 | 3,8 |
Финансылык камтуу көрсөткүчү, % | 3,9 | 5,2 | 3 | 2,5 |
Жакырчылык деңгээли, % | 43,1 | 33,7 | 32,1 | 25,4 |
Калктын бир адамына карата ИДӨ (АКШ долл.) | 478 | 888 | 1163,3 | 1133,6 |
Инфляция (жылдык орточо көрсөткүч), % | 4,9 | 19,2 | 13,6 | 0,4 |