Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы N 566 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 14-апрели № 230

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын администрациялык-аймактык бирдиктеринин курамындагы айылдарда жана шаарчаларда жергиликтүү маанидеги маселелерди оперативдүү чечүүнү уюштуруу максатында, "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек, Ош, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Кара-Көл, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Сүлүктү, Балыкчы, Каракол шаарларынын аткаруучу-тескөөчү органдарына шаар кеңештеринин чечими боюнча мэриялардын аппараттындагы жетектөөчү адистин деңгээлиндеги эмгек акысы менен түзүмдүн жана штаттык сандын чегинде айыл башчысы (айылдардын башчылары) кызматы кириши мүмкүн экендиги белгиленсин.

2. "Областтык маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү структурасы жана штаттык саны жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-августундагы № 406 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны ушул токтомдун № 1 тиркемесине ылайык берилсин.

3. "Ош шаарынын аппаратынын мэриясынын структурасын жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-январындагы № 10 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмү жана штаттык саны ушул токтомдун № 2 тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

4. "Бишкек шаарынын мэриясынын жана райондук администрацияларынын аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык сандарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-февралындагы № 61 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны ушул токтомдун № 3 тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кадр маселеси боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 823 токтому;

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-августундагы № 406 "Областтык баш ийүүдөгү шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү структурасы жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 965 токтому;

- "Ош шаарынын аппаратынын мэриясынын структурасын жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-январындагы № 10 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 487 токтому;

"Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрацияларында жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдү жана балдардын иштери боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285 токтомунун 4-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 токтомунун 1-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарын уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 130 токтомунун 1-пункту.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 230 токтомуна № 1тиркеме

Облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын

ТИПТҮҮ ТҮЗҮМҮ жана ШТАТТЫК САНЫ

┌──────────────────┬───────┬──────┬────────┬─────┬─────┬──────┬───────┐

│Шаарлардын аталыш-│  Мэр  │Бирин-│Вице-мэр│Аппа-│Бөлүм│Сектор│Башкы  │

│тары              │       │чи Ви-│        │рат  │баш- │башчы-│бухгал-│

│                  │       │це Мэр│        │жете-│чысы │сы    │тер    │

│                  │       │      │        │чиси │     │      │       │

├──────────────────┼───────┼──────┼────────┼─────┼─────┼──────┼───────┤