Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 20-апрели № 236
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 17-декабрындагы № 830 "ЮНЕСКОнун иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы жөнүндө" токтому менен бекитилген ЮНЕСКОнун иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пунктта "Билим берүү, илим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. Төрага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
ЮНЕСКОнун иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. Жооптуу катчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү зарыл болгон уланмалуулукту камсыздоо үчүн жетиштүү, төрт жылдан кем эмес болуш керек.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 10-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Мамгеоагенттикти, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.";
12-пунктундагы "Премьер-министринин Аппаратынын" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 636 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: