Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынЫн токтому
2022-жылдын 26-апрели № 229/8-1
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тууралуу
2022-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттарын аныктоо жана ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 46-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 17-майындагы № 44 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Төрагасы |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
А.Жапаров |
| К.Боконтаев |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН БИЛДИРҮҮСҮ
2021-жылы экономика калыбына келе баштады, бирок көптөгөн өлкөлөрдө ишкер активдүүлүк дагы эле пандемияга чейинки деңгээлге жете элек. Жалпысынан COVID-19 жаңы штаммдарынын жайылышына жана калкты вакцинациялоо процессинин мурда күтүлгөндөн кыйла жай болгондугуна байланыштуу чектөө чараларынын таасири 2021-жыл бою дүйнөлүк экономиканын өсүшүн токтотуучу таасирин тийгизүүнү уланткан. Пандемиянын кесепеттерин минималдаштырууга багытталган өбөлгөлөөчү чаралардын кесепеттери менен бирге глобалдык логистикалык чынжырчаларда чектөөлөрдүн уланышы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө жогорку инфляциялык фонду шарттады.
Мындай шарттарда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) жалпысынан калкка жана экономикага терc кесепеттерди азайтуу максатында бир катар чараларды көрдү.
2021-жылы Кыргызстандын экономикасында калыбына келүү тенденциясы байкалды - 2021-жылы экономикалык өсүш темпи 3,6%га жетти, ИДПнын өсүшү Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда 3,9%ды түздү. Мында Кыргызстандын экономикасында калыбына келүү процесси бир калыпта эмес - экономиканын өсүшү негизинен өнөр жай сектору жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү менен камсыздалды.
ИДПнын өсүшүнө негизги оң салым реалдуу өсүш 6,5%ды түзгөн кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү (2,99 п.п.) жана Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, реалдуу өсүш 12,9%ды түзгөн (өсүшкө салым 1,3 п.п) өнөр жай менен камсыздалды.
Өлкөнү өнүктүрүүдөгү кармоочу факторлор айыл чарбасында өндүрүштүн 5,0%га жана курулушта - 4,8%га төмөндөшү болду. Айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн көлөмүнүн төмөндөшү негизинен айыл чарба өндүрүшү үчүн оор климаттык шарттарга байланыштуу болду. 2021-жылдын жай мезгилиндеги аномалдуу жогорку температура жана вегетациялык мезгилде сугат суунун жетишсиздиги дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүн шарттады. Курулуштун көлөмүнүн төмөндөшү ички (4,9%га) да, ошондой эле тышкы (10,0%га) да каржылоо булактарынын азайышынан улам негизги капиталга инвестициялардын 5,9%га төмөндөшүнө байланыштуу болду, бул инвестициялардын пландалган көлөмүнүн толук эмес өздөштүрүлүшүнө алып келди.
Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 111,2%ды түздү (өткөн жылдын декабрына карата). Инфляциянын жогорку деңгээли негизинен тышкы мүнөздөгү факторлордун таасиринен улам болду - бул азык-түлүк товарларына, күйүүчү майга баанын жалпы дүйнөлүк өсүшү жана айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн олуттуу төмөндөшүнө алып келген жагымсыз климаттык шарттар.