Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 49 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
2020-жылдын 4-февралы № 30
Кыргыз Республикасынын шайлоолордо жана референдумдары өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы №216 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы жарандарынын шайлоо укугун камсыздоону өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын шайлоо жөнүндө мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү максатында жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14, 33-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 33-беренелерин, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын шайлоолордо жана референдумдарын өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы №216 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1.2-пунктунун төртүнчү абзацында “аскер кызматчылары” деген сөздөрдөн кийин “жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү” деген сөздөр менен толукталсын;
2)1.3-пунктунда:
-биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1.3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, уюмдар жана ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоочулардын ушул категориядагы жарандарына шайлоо укуктарын камсыздоого шайлоо комиссиясына көмөк көрсөтөт. Социалдык-стационардык мекемелерде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана уюмдарында, шектүү жана айыптуучу катары кайтарууда кармоочу жайларда жүргөн, Башкы штабдын окуу жайларындагы шайлоочуларды, чакыруу же контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жүргөн аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн, жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны жөнүндө маалыматты БШКга берип турууга милдеттүү. Форма БШК тарабынан бекитилет жана облус, район, калктуу конуш боюнча мекеменин (ишкананын) аталышы, жайгашкан жери жана мекемелердеги (ишканалардагы) айрым категориядагы жарандардын – шайлоочулардын саны, орундардын саны жөнүндө маалыматтарды камтыйт.”;
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
“- мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу органдарынын (Социалдык фонд жана анын аймактык органдарынын)”;
- иш цикли үзгүлтүксүз ишканалардын жетекчилеринин.”;
3) 3.5-пунктунда “12 календардык күндөн” деген сөздөр алып салынсын;
4) 4.8-пунктунда “аскер кызматчыларынын” деген сөздөрдөн кийин “жана мамлекеттик чек араны түздөн-түз коргоочу бөлүмчөлөрдүн аймагында жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрү” деген сөздөр менен толукталсын;