ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-февралындагы № 4403-VI «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 25-февралындагы № 1708-IV токтому менен бекитилген»Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө«Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакцияот 10.02.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 10-февралы № 4403-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын  25-февралындагы № 1708-IV токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 25-февралындагы № 1708-IV токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

IV бөлүмдүн биринчи абзацында:

-“үч жыл” деген сөздөр “беш жыл” деген сөздөргө алмаштырылсын;

-үчүнчү жана төртүнчү сүйлөмдөр алып салынсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.К. Касымалиева