Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы

№ 6-VIII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

2022-жылдын 12-январы № 10-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй түзүмү бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 3 орун басары;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8 комитети.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй комитеттери түзүлсүн:

1) Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет;

2) Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет;

3) Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет;

4) Социалдык саясат боюнча комитет;

5) Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет;

6) Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет;