Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы № 2357-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 1-февралы № 921-VII

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-бөлүктүн 1-пунктунун жыйырма үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 4-бөлүктүн 12-пунктунда:

- биринчи-бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12. Дене тарбия жана спорт жөнүндө:";

3) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:

"5-1. Архив фонду жана архив иши жөнүндө:

- архив иши жаатындагы мамлекеттик саясат;

- архив ишин мамлекеттик башкаруу;

- архив иши жаатындагы уюмдар жана мекемелер;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду.".

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

      Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

 

Н.О.Сыдыгалиев