Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 3-июну № 339

Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө (форс-мажордук) жагдайларда медициналык арналыштагы гуманитардык жардамды ташып кирүүнү жөнгө салуу боюнча өкмөттүк комиссия түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы  459 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө (форс-мажордук) жагдайларда медициналык арналыштагы гуманитардык жардамды ташып кирүүнү жөнгө салуу боюнча өкмөттүк комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн.

2. Комиссиянын иши жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

И.Чудинов