Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2021-жылдын 17-майындагы ПЖ № 186 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

2018-жылдын 30-марты ПЖ № 64

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын штаттык санынын чеги 266 бирдик;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволук мекемелеринин штаттык санынын чеги 1585,5 бирдик.";

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жободо:

19-пунктта:

3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) Иш башкармасы жөнүндө жобону, Иш башкармасынын жана анын ведомстволук мекемелеринин штаттык санынын чегин Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө берет;";

12-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: