Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 19-июнундагы №387
Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасына БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетинин корутунду сунуштарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасына БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетинин корутунду сунуштарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасына БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетинин корутунду сунуштарын ишке ашыруу боюнча тиркелген иш-чаралар планы бекитилсин (мындан ары - Иш-чаралар планы).
2. Иш-чаралар планын финансылык камсыздоо Иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген бюджеттеринин чегинде жана эл аралык уюмдардын жана долбоорлордун каражаттарынан жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук жана эл аралык уюмдардын катышуусунда:
- Иш-чаралар планынын аткарылышын камсыз кылышсын;
- Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин;
- жыл сайын тиешелүү жылга карата ведомствонун бюджетинин долбоорун түзүүдө Иш-чаралар планын каржылоону карашсын;
- ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Иш-чаралар планын кийинки жылга карата тактоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Иш-чаралар планын аткаруунун мониторингин жана баалоону жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссияны эки айлык мөөнөттө түзсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |