Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 17-февралындагы № 99 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2009-жылдын 14-августу №532
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 637, 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши сунуш кылган, Кыргыз Реслубликасынын Стратегиялык объекттеринин тиркелген тизмеси бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча ишин координациялоону жана контролдоону жүргүзсүн.
3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-августундагы №525 "Акцияларында мамлекеттик пакет бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы №622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июнундагы №201 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-августундагы № 525 "Акцияларында мамлекеттик пакет бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-ноябрындагы №530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-августундагы № 525 "Акцияларында мамлекеттик пакет бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №743 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-августундагы № 525 "Акцияларында мамлекеттик пакет бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы №532 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин ТИЗМЕСИ
┌──┬───────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ │ Ишканалар жана объекттер │ Эскертүү │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│1 │Кыргыз Республикасынын Куралдуу│Кыргыз Республикасынын Коргоо │
│ │Күчтөрү пайдалануучу мүлк, анын│министрлигинин борбордук аппараты;│
│ │ичинде аскердик техника жана │Кыргыз Республикасынын Куралдуу │
│ │жабдуулар │Күчтөрүнүн Башкы штабы; аскер │
│ │ │бөлүктөрү; аскердик окуу жайлары; │
│ │ │"Тамга" аскердик санаториясы; Кант│
│ │ │шаарындагы Россия Федерациясынын │
│ │ │авиабазасынын аэродрому; Кыргыз │
│ │ │Республикасынын Коргоо │
│ │ │министрлигинин окуу-машыктыруучу │