Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-августу № 534
Кыргыз Республикасынын токой секторунда укук колдонууну жана башкарууну күчөтүү боюнча чаралар планын бекитүү жөнүндө
«2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-майындагы Жарлыгы менен бекитилген 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясына, «2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктүрүү иш-аракеттеринин улуттук планын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 693 токтому менен бекитилген 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктүрүү иш-аракеттеринин улуттук планына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын токой секторунда укук колдонууну жана башкарууну күчөтүү боюнча чаралардын тиркелген планы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын токой секторунда укук колдонууну жана башкарууну күчөтүү боюнча чаралар планында каралган ишчараларды аткаруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-августундагы № 534 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү сыяктуу мыйзамсыз жыгач даярдоо иштеринин, мыйзамсыз жол аркылуу алынган токой продуктулары менен соода жүргүзүүнүн жана токой секторундагы коррупциянын натыйжасында келип чыккан проблемалардын жана кесепеттердин олуттуулугун толук түшүнүүдө. Бул проблемаларды чечүүнүн бирден бир жолу мыйзамдардын базасын жана токой башкаруу, токой пайдалануу жана токойдун жыгач жана жыгач эмес продуктулары менен соода жүргүзүү системасындагы укук пайдалануу практикасын өркүндөтүү болуп саналат.
Улуттук мыйзамдардын базасын өркүндөтүү жана мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн механизмдердин бири «Fоrest Law Enforcement, Government (FLEG)» эл аралык кыймылы болуп калган, ал укук пайдалануу жана токой башкаруу процессин бекемдөө боюнча бир катар өлкөлөрдүн саясий демилгесин билдирет. FLEG кыймылын түзүү жана демилге кылуу үчүн негиз болуп мыйзамсыз алынган жыгачтын дүйнөлүк токой соодасына өтүүсү менен байланышкан коррупциянын жана криминалдын кыйла өсүшү саналат. Бул кыймылдын катышуучулары улуттук жана региондук деңгээлде жарандык коомдун жана бизнестин негизги кызыкдар аракеттеги күчтөрү менен бирдикте аталган проблемалар комплексин чечүү боюнча күчтөрдү координациялоого өбөлгө түзүүчү саясий мейкиндикти түзүүгө умтулушат.
2004-жылдын башталышына карата алгач Евросоюз тарабынан демилге кылынган кыймылдын бир нече региондук бутактары болгон алар: Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн FLEG кыймылы, Африка өлкөлөрүнүн FLEG кыймылы, Амазонка бассейни өлкөлөрүнүн FLEG кыймылы жана Европа союзу өлкөлөрүнүн FLEG кыймылы. 2004-жылдын майында БУУнун Токой форумунун 4-сессиясында токой баалуулуктарын сактоо үчүн глобалдуу жоопкерчиликти моюнга алуу менен Европа жана Түндүк Азияда (ЕТА) өкмөттөр аралык процессти демилге кылуу кызыкчылыгы жөнүндө Россия билдирүү жасаган.
2005-жылдын июнунда Москвада Европа жана Түндүк Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн, ал токой секторундагы укук пайдалануу жана башкаруу проблемалары боюнча европалык-түндүк-азиялык министрлердин сүйлөшүү процессин (ЕТА FLEG) ишке ашыруунун расмий башталышына өбөлгө түзгөн. Бул иш-чарага катышкан өлкөлөрдүн мамлекеттик бийлик өкүлдөрү жарандык коом өкүлдөрү менен бирдикте өз өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн токой секторундагы мыйзамсыз иштерге каршы күрөшүүнү күчөтүү ниетин ырасташкан.
2005-жылы Санкт-Петербург шаарында 2005-жылдын 21-25-ноябрында болуп өткөн Эл аралык министрлер конференциясында ЕТА FLEG процессине Кыргызстан кошулган. Анын ишинде 45 өлкөнүн расмий делегациялары катышкан. Анын жыйынтыгы боюнча жогорку саясий деңгээлдеги эл аралык келишимдерди чагылдыруучу расмий документтер катары эки Эл аралык документ - Министрлердин декларациясы жана Иш-аракеттердин индикативдүү планы кабыл алынган. Бул документтердин негизинде катышуучу мамлекеттер токой секторундагы тартип бузууларга каршы күрөшүү боюнча өзүнүн системасын иштеп чыгышы керек. Эки документке кол коюу менен Кыргызстан бул багытта иш жүргүзүү боюнча өзүнө милдеттенме алган жана токой секторунда укук пайдалануу жана башкарууну күчөтүү боюнча өзүнүн чаралардын улуттук планын кабыл алышы керек.
Кыргыз Республикасынын токой секторундагы укук пайдаланууну жана башкарууну күчөтүү боюнча чаралардын улуттук планы ЕТА FLEG процессинин, 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын, 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктүрүү иш-аракеттеринин улуттук планынын жана Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүүнүн мамлекеттик стратегиясынын алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин, ӨЭУнун, көз карандысыз юристтердин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.
Чаралар планы өлкөнүн ар түрдүү региондорунан бардык кызыкдар жактардан алынган токой чөйрөсүндөгү тартип бузуулардын себептери жана аларды чечүүнүн мүмкүн болуучу жолдору боюнча талдоонун жана пикирлерди баалоонун негизинде даярдалган, комплекстүү жана системалуу мүнөзгө ээ, токой секторундагы мыйзамсыз иш-аракеттерге каршы күрөшүү боюнча негизги максаттарды, милдеттерди жана күтүлүүчү натыйжаларды аныктайт. Ар бир натыйжа боюнча иш-чаралар, аларды өткөрүүнүн мөөнөттөрү, жооптуу аткаруучулар, өнөктөр белгиленген, бул болсо системалуу түрдө ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Чаралар планы дайыма жаңыланып туруучу документ болуп эсептелет, анын мазмуну иш-чараларды жүзөгө ашырууга жана кырдаалдын андан ары өнүгүшүнө жараша өзгөртүлөт жана толукталат.
Чаралар планын ийгиликтүү аткаруу процесстин толук ачыктыгында, чечимдерди иштеп чыгууга катышуу жана бардык кызыкдар жактар тарабынан чечимдердин аткарылышын контролдоо мүмкүнчүлүгүндө гана мүмкүн болуп эсептелет.
Токой экосистемалары жаратылыш системаларын сактоонун экологиялык коопсуздук жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүдө айлана-чөйрөнүн сапатын тийиштүү деңгээлде кармап туруу компонеттеринин бири болуп эсептелет. Токой экосистемаларынын өнүгүшүнүн талдоосу акыркы учурларда токойлордун жок болуу, начарлоо, жапай айбандардын жашаган жана өсүмдүк өскөн жерлердин бузулуу, токой биотүрдүүлүгүнүн кыскаруу процесси байкалып турат. Буга негизинен токой секторундагы мыйзамсыз иштер себеп болууда.
Токой секторундагы мыйзамсыз иштер токой экосистемаларына жана токой биотүрдүүлүгүнө карата мыйзамсыз иштерде камтылат. Тартип бузуулардын диапазону кыйла кеңири: токойду мыйзамсыз кыюу, мыйзамсыз жол аркылуу алынган токой продукциясы жана өзгөчө баалуу жыгач породасы менен соода жүргүзүү, токой жерлерин мыйзамсыз ээлөө (басып алуу), өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүндөгү мыйзамсыз аңчылык, чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүдө жаратылыш коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталбашы ж.б.
Токой секторундагы тартип бузуулардын негизги себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мыйзамсыз бизнес үчүн жыгач даярдоонун жагымдуулугу, анткени мындай иштер кылмыш жоопкерчилигин тартууга алып келбейт жана минималдуу тобокелдикте жогорку киреше алып келет;
- мыйзамдардын карама-каршылыгы жана өркүндөтүлбөгөндүгү;
- токой фондун жана айчылык чарбаларды башкаруу системасынын өркүндөтүлбөгөндүгү;
- мыйзамсыз продукция рыногунун бар болушу жана алардын токойдун мыйзамсыз даярдалган жыгач жана жыгач эмес продукциясы үчүн жеңил жетишүүсү;
- токой жана аңчылык ресурстарын пайдалануу натыйжалуу эсепке алуунун, контролдоонун жана коргоонун жоктугу.
Бүгүнкү күндө токойлорго болгон негизги коркунуч экономикалык терс шарттардын жана демографиялык өсүштүн натыйжасында келип чыккан жергиликтүү калктын жаратылыш ресурстарына болгон кысымдан улам жаралууда. Космостон сүрөт тартуунун натыйжасында алынган дистанциялык текшерүүнүн маалыматтары боюнча 1,2 миллионго жакын адам токойдон 5 км аралыкта жашашат жана анын ресурстарын пайдаланышат. 200 миңге жакын адам токойдун ичинде жашашат жана токой ресурстарынан толук көз каранды. Токойдун айланасында жана анын ичинде жайгашкан айыл калкынын отунга жана курулуш жыгачына болгон муктаждыктары жыл сайын өсүүдө.
Токой чарбаны колдоо боюнча Кыргыз-Швейцария Программасынын алкагында социалдык изилдөө жүргүзүлгөн, анын негизинде бир үй-бүлө жылына жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн 5-10 куб метр отун пайдаланары аныкталган
Расмий маалыматтар боюнча жыгач отунунун жылдык орто көлөмү акыркы беш жылдын ичинде 21 миң куб метрди түзгөн. Токой зонасында турган айыл калкы жыгач отунун мамлекеттик токой фондунун (МТФ) аймагынан мыйзамдуу түрдө 5 процентке гана камсыздалат. «Кыргызстан: туруктуу өнүгүү үчүн айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары» (2007-ж.) басылмасынын маалыматтары боюнча 53 процент жыгач отунунун мыйзамсыз кыйылышынын үлүшүнө туура келүүдө. Калган 42 процент калктуу конуштардын (бак, огород ж.б.) тиешелүү райондорунун мамлекеттик администрацияларынын токой фондунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагынан алынган жыгач отунунун көлөмүнүн үлүшүнө туура келүүдө.
МТФнын аймагынан алынган жыгачты жылда даярдоонун үлүшүнүн расмий көлөмү 27-45 миң м3 тегерегинде чектелген. Тийиштүү түрдө үлүштүк жыгачтын ушундай көлөмү даярдыктан болжол менен 10 эсеге көбүрөөк болгон өлкөнүн муктаждыгын канааттандыра албайт. Ошондуктан негизинен Россиядан келген импорттун жана токойду мыйзамсыз кыюунун эсебинен камсыздалат.
Акыркы учурларда контрабандалык жол аркылуу өзгөчө баалуу жыгач породасы (арча, грек жаңгагы, жаңгак уюлу) менен соода жүргүзүү учурлары көбөйгөн. Ош, Жалал-Абад облустарында, Бишкек шаарында сатылуучу, ошондой эле Казакстанга, Тажикстанга, Өзбекстанга, Турцияга, Германияга, Италияга жана башка өлкөлөргө чыгарылуучу Жалал-Абад облусунун жана Ош облусунун Өзгөн районунун токойлорунда мыйзамсыз даярдалуучу жаңгак жыгачы өзгөчө талап кылынат. Жаңгак жыгачы негизинен эмерек жасоо жана кымбат баалуу особняктарды жасалгалоо (астана, тепкич, эшик ж.б.) үчүн колдонулат.
Жаңгак мөмөлүү токой өскөн жерлерде жаңгак уюлу мыйзамсыз даярдоо жана чет өлкөгө чыгарылып жатат. Жаңгак уюлу дүйнөлүк рынокто өзгөчө талап кылынат. 2006-жылдын башынан тартып жаңгак уюлун мыйзамсыз даярдоонун 461 учуру аныкталган. Бул расмий маалыматтар боюнча гана, ал эми иш жүзүндөгү көлөмдөр бул сандан ашат.
Акыркы жылдары өлкөдө экономикалык өсүш байкалууда. Бул оң тенденция масштабдуу гидромелиоративдик иштерди жүргүзүүдө, жолдорду курууда жана эксплуатациялоодо, пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштетүүдө, кен казуу ишканаларын курууда, аймактарды урбанизацияны кеңейтүүдө жана мурда өздөштүрүлбөгөн жерлерде жаңы конуштарды түзүүдө, турак жай жана туризмдин инфраструктура объекттерин курууда, жогорку вольттуу электр өткөрүү линияларын, газ түтүктөрүн ж.б. курууда чарбалык жана башка иштерин жүргүзүү менен байланышкан токой секторундагы укук бузуулардын өсүшүнө алып келди. Чарбакер субъекттер экономикалык ишмердикти жүргүзүп жатып жаратылыш коргоо мыйзамдарын сактабай жатышат, экологиялык экспертиза жүргүзбөстөн жана жаратылыш пайдаланууга тийиштүү уруксат берүүчү документтерисиз жумуштарды жүргүзүп жатышат. Мында токой өсүмдүктөрүнүн кыйла ири аянттары кыйылып жатат.
Токой секторундагы жогоруда аталган мыйзамсыз иштер МТФнын эксплуатациялык зонасындагы токой запастарынын дээрлик түгөнүп жок болушуна алып келди жана алар негизинен эксплуатациялык эмес зоналарында бар.
МТФнын аймагында токой эксплуатациялоо зонасындагы токой баскан аянттарда жалпы жылдык өсүш 230 миң м3, эксплуатациялык эмес зонасында - 456 миң м3 түзүүдө, анын ичинде ийне жалбырактуу породаларынын жылдык өсүшү 445 миң м3, мунун ичинен жеткиликтүү жерлерде 133 миң м3 жайгашкан, жетүүгө мүмкүн эмес жерлерде - 312 миң м3 түзүүдө (токой жайгаштыруунун материалдары боюнча).
Токой жайгаштыруунун материалдарынын негизинде расмий түрдө жыл сайын орточо 25 миң м3 токой кыюуга уруксат берилип жана Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрү (2004-ж.) боюнча мыйзамсыз кыюулардын үлүшүнө 100 миң м3 ашууну туура келээрин эске алуу менен эксплуатациялык зонадагы ийне жалбырактуулардын запастары боюнча кыюулар өтө көп болуп жаткандыгын болжолдосок болот.
Жалбырактуу породалардын жылдын өсүшү 241 миң м түзүүдө, анын ичинен жеткиликтүү жерлерде 97 миң м3, ал эми алыскы жерлерде 144 миң м3 (токой жайгаштыруунун материалдары боюнча). Жалбырактуу породаларынын мыйзамдуу түрдө кыйылган көлөмү орточо эсеп менен 20 миң м3 түзүүдө, Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрү (2004-ж.) боюнча мыйзамсыз кыюулардын үлүшүнө 70 миң м3 ашууну туура келүүдө. Бул учурда эксплуатациялык зонадагы жалбырактуу породаларынын запастары өсүштүн бүтүндөй колдонуу чектеринде тургандыгын болжолдосок болот.
Токой секторундагы бардык тартип бузуулардын катарында жашаган жерлеринин бузулушунан жана санынын азайышынан жана санын жөнгө салуунун табигый механизмдеринен улам браконьерлик жана аңчылык чарбаны натыйжалуу эмес жүргүзүүдөн улам келип чыккан бузуулар сыяктуу тартип бузуулар жаныбарлардын, балыктардын жана өсүмдүктөрдүн баалуу түрлөрүнүн кескин түрдө кыскарышына алып келген.
2005-2007-жылдары өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүндөгү браконьерликке каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча браконьерлик боюнча төмөнкүдөй администрациялык айыптар берилген:
- жаныбарлар боюнча- 1463 айып, 1431 арыз;
- өсүмдүктөр боюнча - 1926 айып, 2012 арыз;
- балыктар боюнча - 292 айып, 210 арыз.
Токой секторундагы мыйзамсыз иш-аракеттер олутту масштабга ээ болуп токой фондун жана аңчылык ресурстарын туруктуу башкарууга жетишүү, жакырчылыкты кыскартуу, адилеттүүлүккө жетишүү жана айлана чөйрөнүн жалпы сапатын жакшыртуу боюнча күч-аракеттерди төмөндөтүүчү улуттук деңгээлдеги олуттуу проблема гана эмес өлкөнүн жалпы туруктуу өнүгүшүнүн маселеси болуп калды.
Максат - Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүн камсыздоо, биологиялык түрдүүлүктү сактоо жана токой секторундагы мыйзамсыз иштерди аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, бийликтин бардык бутактарынын, жарандык жана эл аралык жамааттардын кызматташуусунда жана өз ара аракеттенүүсүндө токой башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча уюштуруу, укуктук жана башка чараларды түзүү аркылуу токой секторундагы коррупцияны түп тамырынан жок кылуу.
Милдеттер:
1-милдет. Жаратылыш коргоо жана башка мыйзамдарды күчөтүү.
2-милдет. Токой башкаруу системасын күчөтүү.
3-милдет. Каттоо иштер системасын өркүндөтүү.
4-милдет. Мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү.
5-милдет. Токой зонасында турган калк үчүн жашоо-тиричилик каражаттарынын альтернативдүү булактарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
6-милдет. Коомчулуктун жана кызыгдар тараптардын маалыматка ээ болуу деңгээлин жогорулатуу.
7-милдет. Эл аралык кызматташууну өнүктүрүү.
8-милдет. Чаралар планына натыйжалуу мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү камсыздоо.
1-милдет. Жаратылыш коргоо жана башка мыйзамдарды күчөтүү
Кыргыз Республикасынын жаратылыш коргоо жана башка мыйзамдарынын укук пайдалануу практикасы колдонуудагы жаратылыш коргоо, кылмыш, администрациялык, бажы, салык мыйзамдарынын карама-каршылыгын жана өркүндөтүлбөгөндүгүн ачык көрсөттү, аларды өлкөнүн токой секторунда укук колдонуунун күчтүү системасын түзүү үчүн улуттук жана эл аралык талаптарды эске алуу менен туруктуу өнүгүүнүн, рыноктук өнүгүүнүн, демократиялык башкаруунун, адам укуктарын сактоонун принциптерине ылайык актуалдаштыруу зарыл.
Күтүлүүчү натыйжалар:
Натыйжалар
| Көрсөткүчтөр
| Көрсөткүчтөрдүн булагы | Тобокелдиктер
|
1.1-милдет. Жаратылыш коргоо мыйзамдарын кайра кароо жана актуалдаштыруу | |||
1.1-натыйжа. Жаратылыш коргоо мыйзамдары өркүндөтүлгөн
| Жаратылыш коргоо мыйзамдарынын нормативдик укуктук актыларына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор | Бекитилген нормативдик укуктук актылар
| Квалификациялуу кадрлардын жана укук колдонуу механизминин жоктугу |
1.2-натыйжа. Башка мыйзамдар өркүндөтүлгөн | Нормативдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор | Бекитилген нормативдик укуктук актылар
| Квалификациялуу кадрлардын жана укук колдонуу механизминин жоктугу |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ