КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 237 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 7-сентябры № 561
Кыргыз Республикасында табигый жана жасалма көлмөлөрдү балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
Республикада балык чарбасын туруктуу өнүктүрүү, жергиликтүү калкка табигый жана жасалма көлмө-сууларда уюштурулган балык өстүрүү өндүрүшүндө иштөө чөйрөсүн түзүү, товардык балык өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана республикада азык-түлүк программасы аткарылышын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында табигый жана жасалма көлмө-сууларды балыкчылык, балык уулоо жана балык өстүрүү максаттары үчүн пайдаланууга берүүнүн тартиби жөнүндө жобо;
- Балыкчылык, балык уулоочулук жана балык өстүрүүчүлүк максаттарында балык чарбасын өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берилүүчү Кыргыз Республикасынын табигый жана жасалма көлмөлөрүнүн тизмеси.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Балык чарба департаменти:
- балык чарбасында пайдаланылбаган бардык табигый жана жасалма майда көлмө- сууларга, көлдөргө, суу сактагычтарга, көлмөлөргө жана өзөндөргө аларды балык өстүрүү, балык уулоо жана балыкты көбөйтүү максатында пайдалануу үчүн инвентаризация жүргүзсүн;
- республикада садоктук жана фермердик товардык балыкчылыкты республиканын калкынын иш менен камсыздалышынын маанилүү факторлорунун бири катары активдүү өнүктүрүүнү камсыздасын;
- товардык балык өстүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, республикада табигый жана жасалма чоң көлмө-сууларда, ошондой эле балык чарбасында пайдаланылбаган майда көлмө-сууларда товардык балык өстүрүп көбөйтүүчү чарбаларды түзүү боюнча чараларды көрсүн;
- балык запастарды жасалма өстүрүүнүн заманбап технологияларын киргизүүнү жана ата мекендик ихтиофаунадагы балыктардын баалуу түрлөрүнүн энелик үйүрлөрүн түзүүнү жана республиканын көлмө-сууларында товардык максатта өстүрүү үчүн балыктардын жана башка суудагы биоресурстардын жогорку продуктулуу породаларын аквакультурлоонун жана климатташтыруунун технологияларын өнүктүрүүнү камсыздасын;